Бишкектин жанындагы Ак-Жардан чыгып кеткен 70 жаштагы Дуулатов изделүүдө. Сүрөт

© Фото / Pixabay / Candid_ShotsКарыя киши. Архив
Карыя киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Туугандары изделип жаткан жарандын жанында күбөлүгү жана уулунун телефондору жазылган кагазы бар экендигин билдиришти.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Альцгеймер илдетинен жапа чеккен, Бишкек шаарынын чет жакасында жашаган 70 жаштагы Садык Дуулатов үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбей изделип жатат. Бул тууралуу туугандары Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
© Фото / предоставлено родственниками пропавшегоАльцгеймер илдетинен жапа чеккен, Бишкек шаарынын чет жакасында жашаган 70 жаштагы Садык Дуулатов үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбей изделип жатат
Пропавший Садык Дуулатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Альцгеймер илдетинен жапа чеккен, Бишкек шаарынын чет жакасында жашаган 70 жаштагы Садык Дуулатов үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбей изделип жатат
"Ал 13-февралда болжол менен саат 17:00дө Бишкектин чет жакасында жайгашкан Ак-Жар конушундагы жашаган жеринен чыгып кеткен. Кара пальто, кара тумак жана камуфляж түстөгү шымчан болчу. Чачын ак аралаган. Бою 165-167 сантиметр", — деп билдиришти туугандары.
Аксакалдын жанында күбөлүгү жана уулунун жазылган телефондору бар экендигин кошумчалашты.
Алар Садык Дуулатовду көрүп-билгендер же маалыматы барлар 0505 23 19 08, 0706 29 52 90 номерине чалууну суранышты.
Изделип жаткан кишинин үй-бүлөсү бул окуя боюнча Чүй облусунун Аламүдүн райондук милициясына кайрылышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0