Кыргызстанда кыргыз-араб илим-изилдөө борборунун курулушу күтүлүүдө

© Фото / пресс-служба МОиН КР13-февралда министр Алмазбек Бейшеналиев Абу-Даби шаарына барып Бириккен Араб Эмирлигинин билим берүү министри Хусейн Ибрахим Аль-Хамадин менен жолуккан
13-февралда министр Алмазбек Бейшеналиев Абу-Даби шаарына барып Бириккен Араб Эмирлигинин билим берүү министри Хусейн Ибрахим Аль-Хамадин менен жолуккан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
13-февралда министр Алмазбек Бейшеналиев Абу-Даби шаарына барып Бириккен Араб Эмирлигинин билим берүү министри Хусейн Ибрахим Аль-Хамадин менен жолуккан.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Өлкөдө кыргыз-араб илим-изилдөө борборун куруу күтүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 13-февралда министр Алмазбек Бейшеналиев Абу-Даби шаарына барып Бириккен Араб Эмирлигинин билим берүү министри Хусейн Ибрахим Аль-Хамадин менен жолуккан. Анда тараптар билим берүүдөгү кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
"Жолугушууда биргелешкен кыргыз-араб илимий-изилдөө борборун куруу, студенттерге БАЭнин ЖОЖдорунда стипендиялык программалар аркылуу окуу үчүн квоталарды бөлүү тууралуу сөз болгон", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, буга чейин түзүлгөн жумушчу топтордун алкагында эки министрликтин кызматташуусун улантуу тууралуу маек болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0