Сооронбай Жээнбеков жубайы менен Кыргызстанга кайтып келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-президент Сооронбай Жээнбеков жубайы менен. Архив
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жубайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Экс-президент ушул жылдын 2-февралында жубайы менен Сауд Аравияга кичи ажылыкка зыярат кылганы кеткен болчу.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди. Маалыматты экс-президенттин тегерегиндеги жакын адамдары тастыктады.
Алардын айтымында, Жээнбеков дем алыш күндөрү Бишкекке учуп келген.
Белгилей кетсек, экс-президент 2-февраль күнү жубайы менен Сауд Аравияга кичи ажылыкка зыярат кылганы кеткен болчу.
Маалыматка караганда, Жээнбеков ал жакка Сауд Аравия тараптын макулдугу менен барган.
Жаңылыктар түрмөгү
0