Адис зыяндуу деген диеталар тууралуу кулак кагыш кылды

© Фото / Pixabay / outsideclickКыз арыктоодон кийин. Архив
Кыз арыктоодон кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Жазылуу
Адис азыр көп айтылып жүргөн, детокс-диетанын кооптуулугу туурасында да кеп кылган. Андан сырткары, организмге жакпай турган жашылча-жемиштерди да эске алып коюуга кеңеш берген.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Диетолог Ирина Писарева эл арасында белгилүү болгону менен ден соолукка зыян келтирүү ыктымалдыгы бар делген диеталар боюнча айтып берди. Бул темада адис менен RT маектешкен.
Анын айтымына караганда, эң эле көп кездешкен катачылык — көпкө чейин ачка жүрө берүү.
"Кадимки тамактанууга өткөндөн соң алардын болжол менен 80 пайызы адаттагыдан көп жей баштайт. Мындан улам, албетте, киши көбүрөөк салмак кошот", — деп түшүндүргөн адис.
Писарева адам кандай гана диета кармабасын, алгач анализ тапшырып же жок дегенде терапевт дарыгер менен бир ирет сүйлөшүп коюу зарылдыгын белгилеген. Бул организмде өнөкөт ичеги-карын же башка оорулар болсо, диетага отуруу пайдасы эмес зыянын тийгизип жибербешин алдын алат дейт.
Оливье салаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2021
Адис майонезден баш тартууну сунуштады. Себептери
Эксперт монодиеталар да кооптуу болушу мүмкүндүгүн айткан. Мында организм тиешелүү витаминдер менен микроэлементтерди албай калат да, иммунитет түшүп кетип, адамдын абалы начарлайт.
Адис азыр көп айтылып жүргөн, аны кармаган учурда жашылча-жемиштерден жасалган шире, суюктуктар гана ичилген детокс-диетанын кооптуулугу туурасында да кеп кылган.
"Ичеги-карынга аралаштырылган нерсе түшөт да, аны иштетиш үчүн энергия жумшалбайт. Анын кесепетинен ичегилер иштөө, кыймылга келүү жөндөмдүүлүгүн жоготот, тагыраагы, атрофия жүрөт", — деп жыйынтыктаган дарыгер.
Писарева диета кармайм дегендерге организмге кайсы жашылча-жемиштердин жакпай турганын эске алып коюу зарылдыгын эскертип, маселен, апельсин ширеси ашказандагы кычкылдуулукту арттырып жиберерин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0