Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Садыбакасова: фонограммага толугу менен тыюу салууга мүмкүн эмес

© Sputnik / Асель СыдыковаКРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, коомдук ишмер жана профессор Гүлшайыр Садыбакасова
КРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, коомдук ишмер жана профессор Гүлшайыр Садыбакасова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
КРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, коомдук ишмер жана профессор Гүлшайыр Садыбакасова фонограмма менен күрөшүү зарыл экенин белгиледи.
Садыбакасова: фонограммага толугу менен тыюу салууга мүмкүн эмес
Фонограммага толугу менен тыюу салса болот эле, бирок ал мүмкүн эмес. Бул тууралуу Гүлшайыр Садыбакасова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 1990-жылдардын орто ченинде фонограмма келгенге чейин концерттер жандуу үн менен берилип келген.
"Учурда таланты бары, жогу дагы ырчы болуп, ар кандай жоруктарды жасап жатканы өнөр адамдарынын маданиятынын төмөндөп бара жатканын билдирет. Негизи жандуу үн менен ырдаганда көрүүчү, угуучу менен руханий байланыш түзүлөт. Өзбекстанда концерт коюлса билет, афишасына "фонограмма" же "жандуу үн" деп жазылат. Бизде деле бул тажрыйба колдонулушу керек. Себеби жарандар кандай концертке барып жатканын билиши зарыл. Деги эле фонограммага толук тыюу салса деген ойдомун, бирок чоң концерттерде, стадиондордо жана телевидение үчүн коюлган концерттерде айла жок фонограмма колдонулушу шарт", — деди Садыбакасова.
Ошондой эле ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин билеттерге милдеттүү түрдө "фонограмма" же "жандуу үн" деп жазылышы сахнадагы өнөр ээлерин электен өткөрүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0