Жүндөн сүрөт түшүргөн Гүлжамал: чарчаганың кетип, көздүн көрүүсү жакшырат

© Sputnik / Асель СыдыковаСүрөтчү, кол өнөрчү Гульжамал Кокумбай кызы
Сүрөтчү, кол өнөрчү Гульжамал Кокумбай кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
Гүлжамал Көкүмбай кызы Токтогул жергесинде туулуп өскөн. Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетин бүтүрүп, учурда кыргыз тили бөлүмүндө аспирантурада окуп жатат.
Мындан 100 жыл мурун германиялык философ Рудольф Штайнер жүндөн сүрөт тартуу живописин негиздеп, сүрөт тартууда боёлгон жүндү колдонуунун жолун ойлоп тапкан. Философ жүн менен сүрөт тартуу нервдик чыңалууну, стрессти жеңүүгө жардам берерин байкаган.
Кыргызстанда да бул өнөрдү аркалаган адамдар бар. Алардын бири Гүлжамал Көкүмбай кызы. Учурда ал Панфилов атындагы №6 мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт. Кошумча "Тил жана маданият" гезитинде кабарчы. Каарманыбыз жүн менен кийизге сүрөт тартууга кандайча кызыгып калганы, чоң атасынан калган таланты тууралуу кеп салды.
© Фото / предоставлено Гульжамал Кокумбай кызыГүлжамал Көкүмбай кызы: жүн менен кийизге саймалап сүрөт тартуу боёк менен сүрөт тартканга караганда бир топ эле оор
Вышитые из войлока картины художницы Гульжамал Кокумбай кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Гүлжамал Көкүмбай кызы: жүн менен кийизге саймалап сүрөт тартуу боёк менен сүрөт тартканга караганда бир топ эле оор
— Гүлжамал, сиз сүрөтчүсүз. Бирок картиналарды боёк эмес, жүн менен тартат экенсиз. Бул кол өнөрчүлүккө кандайча кызыгып калдыңыз?
— Ооба, кийизге сүрөт тартканга чейин кадимкидей кагаз бетине боёк менен эле түшүрчүмүн. Сүрөтчүлүк өнөр чоң атамдан калган. Ал кагазга чиймелеп койсо эле окшошуп калчу. Бала кезимде анын китептерине сүрөт тартып салган учурларым көп болгон. Менин кылыгымды көргөн чоң атам урушпай, тескерисинче, сүрөт тартууга болгон кызыгуумду колдоп, шыктандырып, бардык шарттарды түзүп берди. Кийин жогорку окуу жайда окуп баштаганда кол өнөрчүлөрдүн жарманкесине барып, аттын башы тартылган укмуштуудай кооз сүрөт көрүп калдым. Кийизге түшүрүлгөн экен. Алгач кандайдыр бир техниканын жардамы менен жасалган го деп ойлодум. Интернеттен карасам жүн менен кийизге саймалап сүрөт тартуу өнөрү экен. Бул ыкма боёк менен сүрөт тартканга караганда бир топ эле оор. Анткени кийиздин бетине кадимкидей жүндөн сүрөт түшүрүшүң керек. Эмненин сүрөтүн түшүргүң келсе, боёлгон жүндөр менен сөлөкөтүн тартасың.
© Фото / предоставлено Гульжамал Кокумбай кызыГүлжамал Көкүмбай кызы Панфилов атындагы №6 мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт. Учурда жүндөн сүрөт тартуу менен алек.
Художница, мастерица Гульжамал Кокумбай кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Гүлжамал Көкүмбай кызы Панфилов атындагы №6 мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт. Учурда жүндөн сүрөт тартуу менен алек.
— Бир паннону жасаш үчүн канча убакыт талап кылынат?
— Бул сүрөттүн татаалдыгына жараша болот. Айрым паннолор кыйын болсо дагы маанайга, мүмкүнчүлүккө жараша бат эле бүтүп калат. Мисалы, кыжалат болуп, маанайым чөгүп турган кезде картиналар күңүрт, баары ойдогудай болсо сүрөттөр ачык түстө чыгат. Ал эми тарта турган сүрөттүн көлөмүнө жараша губка, атайын ийне, аппак кийиз, жумшак ангора жүнү керектелет. Ошондой эле түстүү жүн же болбосо боёктор колдонулат. Сүрөттөрдү суу жана самындын жардамы менен басып дагы жасайбыз. Муну алыска алып кетүүгө ыңгайлуу. Ал эми 3D форматында жасалган картиналардын бетин айнектеп, рамкага салып коёбуз. Панно узак убакытка сакталат. Болгону аны күбөдөн жана күндүн нурунан коргоо керек.
© Фото / предоставлено Гульжамал Кокумбай кызыЖүн менен кийизден Гульжамал Кокумбай кызынын сүрөттөрү
Жүн менен кийизден Гульжамал Кокумбай кызынын сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жүн менен кийизден Гульжамал Кокумбай кызынын сүрөттөрү
© Фото / предоставлено Гульжамал Кокумбай кызыЖүн менен кийизден Гульжамал Кокумбай кызынын сүрөттөрү
Жүн менен кийизден Гульжамал Кокумбай кызынын сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жүн менен кийизден Гульжамал Кокумбай кызынын сүрөттөрү
© Фото / предоставлено Гульжамал Кокумбай кызыЖүн менен кийизден Гульжамал Кокумбай кызынын сүрөттөрү
Жүн менен кийизден Гульжамал Кокумбай кызынын сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жүн менен кийизден Гульжамал Кокумбай кызынын сүрөттөрү
1/3
Жүн менен кийизден Гульжамал Кокумбай кызынын сүрөттөрү
2/3
Жүн менен кийизден Гульжамал Кокумбай кызынын сүрөттөрү
3/3
Жүн менен кийизден Гульжамал Кокумбай кызынын сүрөттөрү
— Жүндөн кадимки боёк менен тартылган картиналардай сүрөттөрдү так тартуу мүмкүнбү?
— Ооба, жүндөн кадимкидей көз жоосун алган сүрөттөрдү тартса болот. Анын үстүнө жүн ийкемдүү келип, каалагандай форманы чыгара аласың. Алгач кийизге тарта турчу сүрөттү карандаш менен чиймелеп алып, андан кийин гана жүндү саймалап баштайбыз. Кадимки боёк менен иштегендей эле түстүү жүндөрдү айкалыштыруу керек. Бирок жүндү саймалап алгандан кийин окшошпой калса аны кайра тытып алууга туура келет. Кийизге жүндү кадап жатканда бирдей техникада кылбасаң сүрөтүң бир шумдук болуп калат. Аны да жан дүйнөң менен берилип, сүйүп, кылдаттык менен тартышың керек болот.
Көкүмбай кызы: Бакай атанын сүрөтүн кийизге түшүрдүм
— Өзүңүз үчүн эле тартасызбы же кардарларыңыз барбы?
— Алгач өзүм кызыкканым үчүн паннолорду жасачумун. Эмгектеримди социалдык тармактардагы баракчама жүктөгөм. Ал жактан сурагандар, кызыккандар, мактагандар көбөйдү. Чынын айтканда, кол өнөрчүлүккө кызыккан адамдардын басымдуу бөлүгү чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар болду. Алар эмгекти көрүп туруп көз жаздымда калтырбайт. Андан тышкары, кыргызстандыктарга караганда чет өлкөлүктөр көбүрөөк кызыгышат. Карантинде корей улутундагылардан буюртма келип, тартып бердим. Алар ачык түстөр менен тартылган сүрөттү жактырышат. Азыр адамдар "Манас" эпосунун каармандарын тарттыра баштады. Учурда Бакай атанын, Каныкей апанын сүрөтүн кийизге түшүрүп бүттүм.
© Фото / Малика КалыбековаГүлжамал Көкүмбай кызы: бул кол өнөрчүлүк аң-сезимди өстүрөт. Оор болгону менен бир чети көнүлүң эс алып, чарчаганың жазылат
Художница, мастерица Гульжамал Кокумбай кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Гүлжамал Көкүмбай кызы: бул кол өнөрчүлүк аң-сезимди өстүрөт. Оор болгону менен бир чети көнүлүң эс алып, чарчаганың жазылат
— Жүн менен сүрөт тартуунун психотерапиялык жагы да айтылат. Ушул тууралуу айтып берсеңиз.
— Албетте, бул кол өнөрчүлүк аң-сезимди өстүрөт. Оор болгону менен бир чети көнүлүң эс алып, чарчаганың жазылат. Ошондой эле технологиянын өнүгүшү менен күнүбүз компьютер, гаджет, смартфондорго түшүп калбадыбы. Анын кесепетинен көздүн көрүүсү начарлап жатат. Ал эми кийизге сүрөт тартып жатканда көздүн кыймылы тез болуп, ар кандай өң менен иштегендиктен көрүү жакшырарын байкадым.
— Балдарга бул кол өнөрчүлүккө канча жаштан баштап үйрөтсө болот?
— Кийизге сүрөт тартууда ийне колдонулгандыктан балдарга өнөрдү 5-6-класстан баштап үйрөткөн оң.
© Фото / предоставлено Гульжамал Кокумбай кызыГүлжамал Көкүмбай кызы: кийизге сүрөт тартууда ийне колдонулгандыктан балдарга өнөрдү 5-6-класстан баштап үйрөткөн оң
Вышитые из войлока картины художницы Гульжамал Кокумбай кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Гүлжамал Көкүмбай кызы: кийизге сүрөт тартууда ийне колдонулгандыктан балдарга өнөрдү 5-6-класстан баштап үйрөткөн оң
— Ушул тармакта бизнес ачуу оюңуз бар экен. Даярдыктар кандай жүрүүдө?
— Замандын талабына ылайык колуңан эмне келсе ошол өнөрдү аркалап кетишиң керек. Жакында интернет дүкөн ачуу ниетим бар. Бул жерге картиналардан тышкары кийизден жасалган башка да буюмдар коюлат. Кийизге сүрөт тартууну кийинки муунга үйрөтүп, өнөрдү жайылтуу — башкы максатым. Андан тышкары, кийизге тартылган сүрөттөрүмдү Түркия жана Кыргызстанда өтүүчү жазгы көргөзмөлөргө жөнөтүүнү пландап жатам.
Жаңылыктар түрмөгү
0