Анжелика, Асел, Самара. Instagram баракчасындагы "миллионер" жылдыздар

© Фото / Instagram / anjelika_kairatovna_officialЫрчы Анжелика Кайратова
Ырчы Анжелика Кайратова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
Instagram баракчасында кайсы жылдыздын катталуучусу көп деп ойлойсуздар? Айрымдары сиз үчүн күтүүсүз болушу ыктымал.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдө популярдуу деген ырчы-чоорчу, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн Instagram баракчасын карап, кимисине миллиондон ашык адам катталганын билди.
Алдынын 2,6 миллион катталуучусу болсо, тизменин акыркы сабына илингендерин 1,3 миллиондон көп киши окуйт.

Анжелика Кайратова — 2,6 миллион катталуучу

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Кайратова Анжелика (@anjelika_kairatovna_official)

Instagram баракчасында катталуучуларга бай адамдардын алдыңкы сабында ырчы Анжелика Кайратова турат. Учурда анын 2,6 миллион катталуучусу бар экенин баракчасынан көрүүгө болот. Жылдыз баракчасына күнүмдүк турмушу, өзү, кыздары тууралуу көп сүрөт, видеолорду жүктөйт. Жасаган иштерин "сторис" бөлүмүнө тынбай киргизип турат. Ошондой эле ар кандай ГИВдерди (акысыз белек таратуу) ойнотуп, жарнамаларды да жарыялап келет.

Асел Кадырбекова — 2,4 миллион катталуучу

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Asel Kadyrbekova (@aselkadyrbekova)

Ырчы Асел Кадырбекова да Instagram баракчасында популярдуу жылдыздардын катарын толуктайт. Анын баракчасына 2 миллион 400 миң киши катталган. Ырчы жол кырсыгына кабылып, ооруканага жатып чыккандан бери баракчасын мурдагыдай активдүү иштетпей калган. Бирок "миллионер" жылдыздардын бештигинде.

Самара Каримова — 2,4 миллион катталуучу

КР эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова катталуучуларды топтоо жагынан Анжелика менен Аселден кем калган эмес. Азыркы тапта анын да Instagram баракчасына 2,4 миллион адам катталган. Ырчы Instagram аркылуу жарнамаларды чыгарып, баракчасына өзү жана чыгармачылыгы тууралуу видеолорду жүктөп турат.

Нурлан Насип — 2,3 миллион катталуучу

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Nurlan Nasip (@nurlannasip_kg)

Шоу-бизнес өкүлдөрүнөн эркектер арасында жалгыз эле Нурлан Насиптин 2 миллиондон ашык катталуучусу бар. Бүгүнкү күндө ага жазылгандардын саны 2,3 миллионго жеткенин көрүүгө болот.

Айгерим Расул кызы — 2,3 миллион катталуучу

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от AIGERIM RASUL KYZY (@aigerim_rasul_kyzy)

Ырчы Айгерим Расул кызына да эки миллиондон ашык катталуучу жазылган. Шоу-бизнес өкүлүнүн баракчасынан өзү, үй-бүлөсү, жеке жашоосу тууралуу видео, сүрөттөрдү табууга болот. Мындан тышкары, башка жылдыздар сыяктуу түрдүү нерселерди жарнамалап турат.

Айдана Дека, Айпери Кубик кызы — 1,8 миллион катталуучу

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Айдана Дека👩🏻‍🎤 (@aidana_deka_official)

Соцтармак миллиондон ашык колдонуучу чогулткан эки түгөй бар экен. Анын бири Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова болсо, экинчиси Аваз Акимов менен Айдана Дека. Бул экөө дагы биринчи түгөйлөрдөй ырчылар. Жолдошу Авазга салыштырмалуу Айдананын катталуучулары 400 миңге көп. Жаны тынбаган ырчы салон иштетип, бий студиясын ачып, клип тартып, айтор, катталуучуларын жаңылыктары менен зериктирбейт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Айпери Кубик кызы (@aiperikubikkyzy)

Куудул Кубик Калыковдун кызы Айперинин дагы 1,8 миллион катталуучусу бар.

Чолпон Талипбек, Неля — 1,7 миллион катталуучу

Бул эки ырчынын стилдери таптакыр эки башка, бирок катталуучуларынын саны бирдей. Экөө тең Instagram баракчалары аркылуу 1,7 миллион катталуучу топтоого жетишкен. Неля — ырчы Урмат Усеновдун жубайы. Катталуучуларды топтоо жагынан Урмат Неляга жете элек.
Ал эми Чолпон Талипбек мурдагы Non Stop тобунун солисти. Анын баракчасынан сулуулук, чыгармачылыкка байланышкан постторду кезиктирүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Чолпон Талипбек ☄️ (@cholpon_talipbek)

Мирбек Атабеков, Айзада Жамгырчинова — 1,6 миллион катталуучу

Кыргызстандын белгилүү ырчысы Мирбек Атабековго катталгандардын саны 1, 6 миллион экенин баракчасынан көрүүгө болот. Ырчы катталуучуларына тынбай жаңылыктары менен бөлүшө бербейт. Постторду анда-санда жазат. Бирок ГИВ (акысыз белек таратуу) ойнотуп, жарнамалар менен бөлүшүп турат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Мирбек Атабеков (@mirbek_atabekov)

Алып баруучу Айзада Жамгырчинова да 1,6 миллион катталуучу топтогонго жетишкен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Айзада Жамгырчиева (@aizada_jamgyrchieva)

Аваз Акимов, Эмил Эсеналиев, Сайкал Садыбакасова — 1,4 миллион

Ырчы Аваз Акимов менен актёр, куудул Эмил Эсеналиевге жазылгандардын саны бирдей. Азыркы тапта 1,4 миллионду көрсөтүп турат.
Эмил Эсеналиев башкаларга салыштырмалуу баракчасына жарнамаларды көп жарыялабайт. Тартылган тасма, роликтеринин үзүндүсүн жүктөйт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Эмиль Эсеналиев (@emil_esenaliev_official)

Ал эми ырчы Аваз Акимов жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу видео, сүрөттөрдү жүктөп, ГИВ көп (акысыз белек таратуу) ойнотот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Аваз Акимов (@avazakimov_officiall)

Ырчы Сайкал Садыбакасова да ушул жылдыздардын катарында. Аны 1,4 миллион адам окуйт.

Нурмат Садыров — 1,3 миллион

Садыров да миллиондон ашык катталуучу топтоого жетишкен. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Нурмат Садыров (@nurmat_sadyrov)

Жаңылыктар түрмөгү
0