COVID-19 Кыргызстандын кайсы аймагында канча кишинин өмүрүн алды

© REUTERS / Vladimir PirogovКоронавирустан каза тапкан адамдын денесин көтөрүп бараткан медицина кызматкерлери. Архив
Коронавирустан каза тапкан адамдын денесин көтөрүп бараткан медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
Статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы коронавирустук инфекциядан 2 448 адам каза болду.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. 2020-жылы COVID-19 инфекциясынан Кыргызстандын кайсы аймагында көбүрөөк өлүм катталганын Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, коронавирустун курмандыгы болгондор Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Талас облусунда башкаларга салыштырмалуу көп катталды.
Ситуация в Испании на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Өткөн суткада коронавирус 70 адамдан табылып, эки бейтап көз жумду
Калктын 100 миңине алып караганда, Бишкекте — 61, Ош шаарында — 47, Талас облусунда — 44 киши көз жумган. Андан кийинки орундарда Ысык-Көл (41), Нарын (38), Баткен (35), Чүй (30), Жалал-Абад (28) жана Ош облустары (28) турат.
Статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы коронавирустук инфекциядан 2 448 адам каза болду. Ал эми Республикалык штаб 12-февралга карата көз жумгандардын саны 1 439 адам экенин айтууда.
Эмне себептен мындай айырмачылык болуп жатканын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сандардын такталып жатканы менен түшүндүрдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0