"Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Элмырза Үкүбаев кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБЗадержание председателя правления ОАО "Кыргызалтын" с взяткой
Задержание председателя правления ОАО Кыргызалтын с взяткой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Үкүбаев Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Кыргыз алтын" ААК башкаруучулугунун төрагасы Элмырза Үкүбаевди кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБУКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы "Кыргызалтын" ААК башкаруучулугунун төрагасы Элмырза Үкүбаевди кармады
Задержание председателя правления ОАО Кыргызалтын с взяткой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы "Кыргызалтын" ААК башкаруучулугунун төрагасы Элмырза Үкүбаевди кармады
Ага ылайык, Үкүбаев алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылган деп шектелүүдө.
"Ал алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүсүн талап кылган. 12-февралда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Үкүбаев 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалды", — деп жазылат маалыматта.
© Фото / пресс-служба ГКНБҮкүбаев алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылган деп шектелүүдө
Задержание председателя правления ОАО Кыргызалтын с взяткой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Үкүбаев алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылган деп шектелүүдө
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган аткаминердин опузалап пара алуу фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Үкүбаев Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0