Бишкектеги мектептердин 1-класстары каникулга тарайбы? Расмий жооп

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы аймактарда кошумча каникулдарды ар бир облус, райондун жетекчилери өз алдынча чече турганын белгиледи.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкектин мектептеринде билим алган 1-класстын окуучулары 15-февралдан 22-февралга чейин каникулга тарашат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ордо калаадагы Билим берүү башкармалыгынын маалымат катчысы Мээрим Халиалдаева билдирди.
Анын айтымында, бир жумалык каникулга 1-класстын окуучулары гана тарайт.
"Мындай каникул жылда эле болчу. Бөбөктөр бир жумага каникулга чыгып, кайра 22-февралда окуу башталат. Ал эми 23-февраль майрам болгондуктан, бир күн эс алып, эртеси окушат", — деди Халиалдаева.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы аймактарда кошумча каникулдарды ар бир облус, райондун жетекчилери өз алдынча чече турганын белгиледи.
Эске салсак, Бишкекте 18-январдан бери оффлайн режиминде 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана билим алып жатышкан. Калган класстар аралыктан окушууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0