COVID-19дан кийин мээни кантип калыбына келтирүү керек? Неврологдун кеңеши

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМээнин рентген сүрөтү. Архив
Мээнин рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Коронавирус инфекциясынан тезирээк айыгуу үчүн дарыгер тамакка клетчатканы көбүрөөк пайдаланууну эскертти.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. COVID-19 илдетинен кийин мээнин иштөө жөндөмүн калыбына келтирүүнүн жолун невролог Василий Грибанов "Мир 24" телеканалынын эфиринен айтты.
Анын белгилешинче, коронавирус инфекциясынын кандай гана формасы болбосун, нерв системасын жабыркатат. Оорудан кийин организмдин калыбына келүү мөөнөтү болжол менен үч-алты айга созулат.
"Башында биз бир айдан кийин адам өзүнө келип калат деп ойлогонбуз, бирок көпчүлүгү бир-эки айда да кадимки режимине келе албай жатканын көрүп жатышат. Мында шаардыктар көп жапа чегишти. Анткени биздин жашоо абдан активдүү, бардыгыбыз сегизден алтыга чейин жумушта болобуз. Андан кийин машыгуу залына барабыз, машыгабыз... Эс алуу күндөрү да тыным жок. Учурда нерв системасы буга карата аракет кыла албай, калыбына келүү биз каалагандай болбой жатат", — деген Грибанов.
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
COVID-19дан сакайган адамдын организмине пайдалуу азык айтылды
Анын айтымында, скульптура жасоо же кисть менен сүрөт тартуу, башкача айтканда, майда-барат кыймылдар нерв системасын калыбына келтирүүгө жардам берет.
"Эгерде сиз сиңирүү оор болгон тамактарды, майларды, белокторду жесеңиз, бул посткоид синдромунун күчөшүнө алып келет, уйку качат. Анткени тамак сиңирүү режими бузулат. Коронавирус өзү уйкуну качырганын билип туруп, уктабай бир кесим эт же май жейбиз", — деди дарыгер.
Ал капуста, дан азыктары, мөмө-жемиштер, карагат жана малина сыяктуу клетчаткага бай азыктарды пайдаланууну сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0