Муфтияттын бухгалтери камакка алынды

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял калькулятор менен акчаны санап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Аял калькулятор менен акчаны санап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Соттун чечимине ылайык, ал 10-апрелге чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалат.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Муфтияттын бухгалтери Жеңишбай Бекиевдин баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Муфтийдин милдетин Жоробай ажы Шергазыев аткармай болду
Эскерте кетсек, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү анын артынан Максатбек Токтомушев дагы кармалган. 12-февралга караган түнү экс-муфтийдин баш коргоо чарасы тандалып, сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0