Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы быйыл улуттук деңгээлде белгиленет

© Фото / Азат АкаевСаясий ишмер Жусуп Абдрахманов. Архив
Саясий ишмер Жусуп Абдрахманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Абдрахманов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жапаров кабинетке анын эмес, Раззаков сыяктуу чыгаандардын сүрөтүн илүүгө чакырды
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда азыркы Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү. Анын 1930-жылдары кыргыздарды ачарчылыктан сактап калышы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0