Өтмөк ашуусунда ири автотыгын жаралды. Видео

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар тыгын учурунда. Архив
Автоунаалар тыгын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Жолдо бараткан адам көрүнүштү видеого тартып, автотыгында үч сааттан бери турганын жазган. ӨКМ маалыматты тактап жатканын айтты.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкек — Талас жолундагы Өтмөк ашуусунда ири автотыгын жаралганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Анын айтымында, тыгын жол кардан тазаланбаганынан улам пайда болгон. Жолоочу ашууну үч сааттан бери аша албай жатканын белгилөөдө.
ӨКМ маалыматты тактап жатканын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0