Сот Райым Матраимовго 260 миң сом айып салып, мал-мүлкүн камактан чыгарды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов. Архив
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салды.
Мындай өкүмдү судья Гүлзат Дыйканбаева чыгарды. Ага ылайык, Матраимовдун жана анын жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкү ээлерине кайтарылды. Аны менен катар чет жакка чыкпоо боюнча тандалган баш коргоо чарасы күчүн жоготту деп табылды.
Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2021
Пресс-борбор
Райым Матраимовдон башкалар бюджетке канча акча которгону айтылды
Эске салсак, Райым Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калганын калган 600 миллион сомуна бир соода борбору, тогуз батирин өткөрүп берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0