COVID-19 жуктура элек адамдар эмне кылышы керек. Иммунологдун кеңеши

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМедициналык маска кийген кыз. Архив
Медициналык маска кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, жамааттык иммунитет пайда болгон күндө дагы ал жеке бир кишини сактай албайт. Эгер адамда антитело жок болсо, демек, вирусту жугузуп алары талашсыз.
БИШКЕК, 11-фев. - Sputnik. Буга чейин коронавируска кабыла элек адамдар эмне кылышы керек? Бул тууралуу аллерголог жана иммунолог Владимир Болибок Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.
"Эгер киши ушул убакка чейин коронавирус жуктура элек болсо, анда ал бардык санитардык талаптарды туура сактап жатат. Мындан ары дагы дал ошондой жашай бериши керек. Анткени жамааттык иммунитет пайда болгон күндө дагы ал жеке бир кишини сактай албайт. Эгер адамда антитело жок болсо, демек, вирусту жугузуп алары талашсыз", — деди Болибок.
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
COVID-19дан сакайган адамдын организмине пайдалуу азык айтылды
Эске салсак, айрым мамлекеттер эпидемиологиялык абалдын жакшырып келе жатканына байланыштуу чектөөлөрдү алып салууну пландап жатат. Булардын арасында Россия дагы бар. Буга чейин президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков өлкө мурдагыдай жашоого август айында кайтып келиши мүмкүн экенин божомолдогон.
Мындан улам эл арасында коронавирус менен ооруй элек же эмдөө албаган жарандар эмне кылышы керек деген суроо пайда болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0