Өкмөт коронавирустун толкунуна кандай даярдык көрүүдө? Кеңешмедеги пландар

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме учурунда
Премьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Өкмөт башчы коңшу өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алуу боюнча катталган окуялар кооптондуруп жатканын айтты.
БИШКЕК, 11-фев. – Sputnik. Кыргызстанга COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы вакциналар үстүбүздөгү жылдын март айында алып келинет, ал эми экинчи бөлүгү экинчи кварталда жеткирилмекчи. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн эпидемиологиялык абал боюнча кеңешмеде сөз болду.
Жыйында Россия менен Кытайда чыгарылган вакциналарды пайдалануу маселеси иштелип жаткандыгы айтылды.
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Европа биримдиги "Спутник V" вакцинасын каттоо боюнча арызды кабыл алды
Өкмөт башчы Улукбек Марипов калкты, биринчи кезекте билим берүү жана медицина тармагынын кызматкерлерин ыктыярдуу эмдөө боюнча ишти ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү керектигин белгилеген.
Мындан сырткары, жалпы билим берүү мектептеринин жана бала бакчалардын ишин ырааттуу жандандыруу, калкты ыктыярдуу түрдө COVID-19дан массалык вакцинациялоого даярдык көрүү маселеси дагы талкууланды.
"Коңшу өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алуу боюнча катталган окуялар бизди кооптондурууда. Өлкөнүн бардык медициналык мекемелери оорунун көбөйүү ыктымалдыгына толугу менен даяр болушу керек. Өзгөчө ооруканаларда суюк кычкылтекти берүү тутуму орнотулушу маанилүү. Эпидемиологиялык абалдын начарлашы мүмкүндүгүн эске алуу менен дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасынын көлөмү үзгүлтүксүз көзөмөлдө болууга тийиш. Ошондой эле зарыл дары-дармектердин корун жогорулатуу керек", — деди Марипов.
Премьер-министр саламаттык сактоо тутумун санариптештирүү боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0