01:17 15 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.4802
  • RUB1.1205
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1374)
0 0

Дарыгер тамакка калемпирди кошуп жегиле деп кеңеш берди. Ал кан айлануунун активдешүүсүнө өбөлгө болуп, организмдин тазаланышын шарттайт деп белгилейт.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Коронавирустук инфекцияга кабылган адамдын организмин калемпир тезирээк калыбына келтирет. Мындай пикирди фитотерапевт, биология илимдеринин кандидаты Михаил Лущик Sputnik радиосуна билдиргенин РИА Новости жазды.

COVID-19 менен жабыркагандардын дээрлик бардыгы алы кетип, тез чарчап каларын айтып даттанышат. Лущик чындыгында вирус негизги соккуну чабал органдарга урарын, мындан денеде жабыркаган клеткалар көбөйүп, аларды организмден чыгаруу кыйын болорун билдирди. Биолог тамакка калемпирди аралаштыруу көйгөйдөн арылуунун жеңил жолу деп белгилеген. Анткени ал кан айлануунун активдешүүсүнө өбөлгө болот.

"Иммундук система бул клеткаларды дароо эле зыянсыз кылып, кан агымы менен кошо чыгарып сала албайт. Ошондуктан бул процесс көпкө созулат. Бирок кан айлануу тездегенде, албетте, адам бат чарчайт. Бул көпкө созулган учурда калемпир жардам берет", — деген Лущик.

Калемпирдин кызыл, кара же узун түрүн жесе болот. Ал эми тамакка күнүнө канча өлчөмдө кошуу керектиги организмдин жеке өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Фитотерапевт бул ачуу азыкты ашыкча жеген зыяндуу экенин, айрымдар үчүн такыр мүмкүн эместигин эскертти.

"Маселен, ашказанында жарасы бар адамга калемпир жегенге болбойт. Ошондой эле геморрой менен жабыркагандар да калемпирден алыс болгону оң, анткени оору күчөп кетет. Медициналык жардамга кайрылууга туура келиши да мүмкүн", — деди Лущик.

Ошондой эле дарыгер калемпир "өрттөп кеткен" жагымсыз сезимден арылуу үчүн сүт ичип, жалбыз жалбырагын чайнап же жалбыз момпосуюн жеп алса болорун кошумчалады.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1374)

Тема боюнча

Симпсондордой саргайып... COVID-19га кабылган кишинин териси өзгөрүп кетти
ДССУ: коронавирустун азайганына кубануу азырынча эрте
Белгилер:
кеңеш, адис, коронавирус, организм, ден соолук

ЭҢ МААНИЛҮҮ