Кадыр Маликов муфтияттагы кырдаал боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековМуфтийдин орун басары Кадыр Маликов. Архив
Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Маликовдун айтымында, пандемиянын айынан ажылык сапардын токтотулушу муфтиятты бир топ финансылык кыйынчылыкка кептеген.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында болуп жаткан чуу боюнча өз пикирин Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Кечээ эртең менен муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетери тууралуу арызын жазып, кечинде УКМК аны коррупцияга шектүү катары кармады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан түшкөн акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшаган.
"Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында болуп жаткан нерсе коомдун руханий жактан деградация болуп баратканынан кабар берет. Көпчүлүк сыяктуу эле ЖМКлар аркылуу билген жаңылык мен үчүн дагы күтүүсүз болду", — деп жазган Маликов.
Өзү эске салгандай, ал өткөн жылдын сентябрь айында муфтийдин орун басары болуп дайындалган. Бирок "ар кандай оюндар менен интригадан алыс болгонун" кошумчалады.
Маликовдун айтымында, пандемиянын айынан ажылык сапарлардын токтотулушу муфтиятты бир топ финансылык кыйынчылыкка кептеген. Мындан улам УКМКнын билдирүүсү аны таң калтырды.
Празднование Курбан-Байрама в городах России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2020
15 жыл ичинде Кыргызстанда диний мекемелердин саны 1,7%га өстү
"Күнөө кылганы далилденмейинче кандайдыр бир баа берүүгө эрте деп эсептейм. Бирок ЖМКларга муфтиятта финансылык мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу маалыматтын чыгышы эсимди оодарды. Чынын айтканда, бул мамлекеттик органдардагы катардагы коррупциялык иш эмес, ал тургай муфтийдин ордун талашуудагы оюндар дагы эмес. Бул салттык динаятка, мечитке болгон ишенимге жана жалпы муфтиятка өтө катуу сокку", — деди Маликов.
Сөзүнүн аягында муфтийдин орун басары "ислам (тагыраагы, анын картинасы) акыркы учурларда тазалык, сүйүү, мээрим, интеллектуалдык өнүгүү жана прогрессти эмес, курулай акыл үйрөтүү, сырткы атрибутика, түркөйүлүк жана агрессияны элестетип калды".
Жаңылыктар түрмөгү
0