Ошто бир киши көз жумду. COVID боюнча жаңы статистика

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүБейтаптын канын текшерип жаткан дарыгер. Архив
Бейтаптын канын текшерип жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Учурда стационарда дарыланууда 427 бейтап жатат. Алардын ичинен үчөө канааттандырарлык, 281и орточо оор, 117си оор, 26сы өтө оор абалда.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 вирусу 75 кишиден табылып, 83 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 32;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 2.
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 85 328ге жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 30;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 32;
  • Ош облусу – 7;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 6.
Айыккандардын жалпы саны 82 006 болду.
Өткөн суткада коронавирус бир адамдын өмүрүн алган. Ал Ош облусунун тургуну болчу. Коронавирустун курмандыгы болгондордун саны 1 437ге жетти.
Учурда стационарда дарыланууда 427 бейтап жатат. Алардын ичинен үчөө канааттандырарлык, 281и орточо оор, 117си оор, 26сы өтө оор абалда. 522 бейтап амбулатордук дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Эки медик вирустан сакайып чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0