Дароо ооруканага кайрылгыла! Кавасаки синдрому тууралуу 5 суроого жооп

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада бала менен. Архив
Медициналык кызматкерлер ооруканада бала менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Кыргызстанда 15 баладан Кавасаки синдромуна окшош оорунун белгилери аныкталганы айтылды. Организмдин мультисистемалык сезгениши деп аталып жаткан бул илдеттин белгилери Кавасаки оорусуна окшош.
Учурда Кыргызстанда бул ооруга шектелип 28 бала ооруканага жаткырылып, 13ү учурда диагностикадан өтүп, текшерилип жатат. Экөөнүн абалы оорураак болгону менен ушу тапта турукташып калды.
Кавасаки жана азыркы аталып жаткан кавасакиге окшош оорунун белгилерин берген кандай оору жана ата-эне бул синдром тууралуу кандай маалыматты билиши керек?
Sputnik Кыргызстан агенттиги Биринчи май райондук Бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары, педиатр Диляра Искакова менен биргеликте керектүү материал даярдады.
© Фото / предоставлено Дилярой ИскаковойБиринчи май райондук Бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары, педиатр Диляра Искакова
Педиатр Диляра Искакова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Биринчи май райондук Бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары, педиатр Диляра Искакова

Кавасаки синдрому жана ага окшош илдет тууралуу эмне билүү керек?

Кавасаки синдрому — учурда COVID-19 инфекциясынын күчөп кеткен бир түрү катары белгиленүүдө. Бирок бул оору коронавируска чейин эле белгилүү болгон. Бул илдет сепсис оорусунан жана ушул сыяктуу балдарда кездешкен оор илдеттен кийин да пайда болот. Ал көбүнчө кан тамырлардын, борбордук нерв системасынын жабыркашына алып келет. Кан оорулары менен жабыркагандар үчүн өтө кооптуу. Мында майда кан тамырлар сезгенип, кан айлануу системасы бузулат. Анын натыйжасында тромб пайда болот. Вирустук инфекция болгондуктан ооруган адамдын дене табы көтөрүлөт.
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБизде азыр Кавасакиге окшош синдром менен ооруп жаткан балдардын көбү эки жаштан он жашка чейинки балдар
Центр НМИЦ здоровья детей Минздрава РФ, где проходят лечение дети с COVID-19  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бизде азыр Кавасакиге окшош синдром менен ооруп жаткан балдардын көбү эки жаштан он жашка чейинки балдар

Кавасаки оорусу менен балдар эле ооруйбу?

Кавасаки синдрому негизинен балдардын арасында кезиге турган оору. Мында көбүнчө бир жаштан сегиз жашка чейинки балдар жабыркайт. Бизде азыр Кавасакиге окшош синдром менен ооруп жаткан балдардын көбү эки жаштан он жашка чейинки балдар. Айрым 16 жашка чейинки жеткинчектерде да ушул оорунун белгилери байкалууда. Бул васкулиттик дарт, башкача айтканда, көбүнесе кан тамырлар жабыркайт. Кан ооруларына тушуккан балдар ансыз да анемия менен жабыркашат, мындан улам иммунитети алсыз. Өнөкөт оорусу бар балдарга жана ар кандай операцияны баштан өткөргөн наристелерге да коркунуч күч. Коронавирус негизинен иммунитети начар балдарда кабылдап кетет. Айрым учурда коронавирус менен жеңил же оорунун белгиси жок ооруган балдар деле реабилитация толук кандуу жүрбөсө, режимди сактабаса, Кавасаки синдромуна окшош илдетке кабылышы мүмкүн.
Ситуация в Китае из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2020
Баланын алаканы менен таманы шишийт. Кавасаки синдрому тууралуу эмне билүү керек
Кандай белгилери бар?
Азыркы учурда балдар коронавирус менен ооруп айыккандан бир-эки жума өткөн соң оору кайра козголуп же күчөп кеткенден улам Кавасаки синдромуна окшош оорунун белгилери пайда болууда. Бул илдет адамдын терисинен да байкалат. Кичинекей баланын таманы, алаканы шишип, денеде кызыл тактар пайда болуп, бала шалдырап, тамакка табити жоголот. Өзгөчө алгачкы үч-төрт күндө дене табы түшпөй көпкө кармалышы мүмкүн. Башы ооруйт. Бул көп кырдуу белгилери бар оору. Ошондой эле медиктер ата-энелерди паникага алдырбоого жана дароо ооруканага кайрылууга чакырат. Кавасаки синдромуна окшош белгилер менен жабыркаган балдар арасында ичи оору, кусуу жана ичи өтүү да байкалгандыгын англиялык окумуштуулар айтып чыккан. Бирок дарыгерлер инфекция менен күрөшүүдө организмдин чыңалышынан улам да ушундай белгилер болушу мүмкүндүгүн белгилеп жатышат.
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБелгилери байкалса медиктер ата-энелерди паникага алдырбоого жана дароо ооруканага кайрылууга чакырат
Центр НМИЦ здоровья детей Минздрава РФ, где проходят лечение дети с COVID-19  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Белгилери байкалса медиктер ата-энелерди паникага алдырбоого жана дароо ооруканага кайрылууга чакырат

Кавасаки синдромунан айыгуу мүмкүнбү?

Кавасаки оорусунан толугу менен сакайып кетүүгө болот. Бирок ата-эне дарыгерге эрте кайрылуусу керек. Ошол себептен балада оорунун симптомдору байкалса үйдөн ар кайсы дарыны бергенге болбойт. Көп препарат бул синдромго туура келбейт. Биринчи коркунуч ушул. Туура эмес дары ичкен баланы бул оорудан айыктыруу оор. Эң кооптуусу — кан тамырлар жарылып кетиши ыктымал. Бул бейтапты инфаркт дартына кептеши мүмкүн экени кошумчаланды.

Кавасаки синдрому кайдан келип чыккан?

Кавасаки оорусу япониялик педиатр Томисаку Кавасакинин ысымынан аталган. Ал 1967-жылы бул оорунун алгачкы белгилерин айтып чыккан. Бирок бул илдеттин эмнеден келип чыгары белгисиз. Илимпоздор бул дартка вирус инфекциясы түрткү болушу мүмкүн деп болжолдоп келишет.
Жаңылыктар түрмөгү
0