Аткаминерлерди иштен алууну сунуштайт. Курултай түзүлсө эмне менен алектенет

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЖыйында сүйлөп жаткан адам. Архив
Жыйында сүйлөп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Элдик курултай жогорку орган болуп аталып, өлкөдөгү бардык маселелер боюнча бийликке сунуш берүү укугуна ээ болот.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жаңы Конституциянын долбоорунда Кыргызстанда Элдик курултай түзүү сунушталууда. Ал элдик бийликтин кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу жогорку органы болуп эсептелери жазылган.
Элдик курултайды чакыруу укугу президентке таандык, башкача айтканда, мамлекет башчынын демилгеси менен курултайга чогулушат.
Сунушталган Баш мыйзамда бул органдын негизги милдеттери камтылган. Ал эми курултайды түзүүнүн, уюштуруунун жана ишинин тартиби мыйзам менен белгиленмекчи.
Элдик курултайдын милдеттери:
  • Элдик курултай аймактык, кесиптик, коомдук-саясий, этномаданий, конфессиялык жана илимий коомчулуктардын өкүлдөрүнөн түзүлөт;
  • Мамлекетти жана коомду өнүктүрүүнүн, адам укуктарынын жана эркиндигинин маанилүү маселелери боюнча, анын ичинде улуттук маданияттын, тилдин, конфессиялар (диний) жана этностор ортосундагы мамилелерди чыңдоо, башка коомдук маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат жана аларды мамлекеттик органдардын кароосуна киргизет;
  • Мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча президентке сунуштарды киргизет;
  • Элдик курултайдын төрагасынын, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчётторун угат;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген ордуна ылайык келбестиги жөнүндө сунуштарды президенттин, мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кароосуна киргизет;
  • Элдик курултайдын чечимдери сунуштама катары тиешелүү органдарга жиберилет, алар Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык чечилет;
  • Элдик курултайдын ишине президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары катыша алат;
  • Жергиликтүү маанидеги маселелер жергиликтүү курултайларда каралат.
Жаңылыктар түрмөгү
0