ИИМдин РФтеги өкүлү: буюртма менен өлтүрүлмөк болгон эки кишини сактап калгам

© Фото / из личного архива Нурлана ЖанбаеваИчки иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев. Архив
Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Россиядагы мекендештердин арасында кылмыштуулуктун кайсы түрлөрү өсүп, кайсынысы азайды, уюшкан кылмыштуулук менен күрөш кандай жүрүүдө, мигранттар мыйзамды билбегендин айынан кандай кыйынчылык тартып жатат?
Ушул жана башка суроолорго Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине курган маегинде айтып берди.
Белгилей кетсек, Жанбаев бул кызматка 2020-жылы июнда дайындалган. Ал 41 жашта, милициянын полковниги наамы бар. Буга чейин Ош облусунун Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Ош ИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Ошондой эле Чүй облусундагы Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенген.
— Соңку кызматыңыз Чүйдүн Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгы эле. Москвага былтыр ИИМдин өкүлү болуп дайындалганыңыз үчүн гана бардыңызбы? Өз каалооңуз менен кеттиңизби?
— Албетте, бул кызматка өз каалоом менен келгем. ИИМдин кадрлар бөлүмү бир нече талапкерди министрге сунуштаган. Жетекчилик буга чейинки эмгек тажрыйбамды эске алып талапкерлигимди жактырыптыр.
© Фото / из личного архива Нурлана ЖанбаеваНурлан Жанбаев бул кызматка 2020-жылы июнда дайындалган. Ал 41 жашта, милициянын полковниги наамы бар
Представитель МВД КР в РФ Нурлан Жанбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нурлан Жанбаев бул кызматка 2020-жылы июнда дайындалган. Ал 41 жашта, милициянын полковниги наамы бар
— ИИМдин РФтеги өкүлү катары сизди көпчүлүк тааныйт. Бул өкүлчүлүктө канча киши иш алып барат? Жалгыз бардык ишке жетишпесеңиз керек?
— Менин кол астымда үч милиция кызматкери эмгектенет. Албетте, Россияда иштеп жашап жаткандар менен кызматкерлердин саны туура келбейт. Бирок биз башка мамлекетте болгондуктан, өз алдыбызча ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдарын жүргүзө албайбыз. Биздин аракеттер РФтин укук коргоо органдары менен биргеликте ишке ашырылат.
Белгилеп кетүүчү жагдай, өкүлчүлүккө кайрылган жарандардын ар биринин арыз-муңу, өтүнүчү РФтин аймактык ички иштер органдарына катталып, биргеликте текшерүү иштери жүргүзүлөт. Учурдан пайдаланып аларга биз менен иштешкендерине ыраазычылык билдирип кетем.
— Россиядагы кыргызстандыктар эң көп кайсы суроолор менен кайрылат?
— Учурда пандемия кырдаалына байланыштуу учактардын каттамы, авиабилеттер, чек ара маселеси, убактылуу каттоого туруу, жарандык паспорттун мөөнөтү жана аны алмаштыруунун жоболору, жарандык абалды каттоого (ЗАГС) тиешелүү документтер, айдоочулук күбөлүктөр, РФ жарандыгын алуу боюнча көп кайрылышат.
Ошондой эле батирди ижарага алуу, унаа сатып алуу, жекече тартипте болгон аласа-бересе маселеси, эмгек келишимин түзбөстөн жумушка орношуп, эмгек акысын ала албай калган учурлар боюнча, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, соттуулугу бар-жогун тастыктаган аныктама жана башка ушул сыяктуу суроолор менен кайрылгандар арбын.
Специальный полк МВД Шумкар  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2021
11 спецназдан айрылган. Кыргыз милициясынын "Шумкары" тууралуу эмне белгилүү
Учурдан пайдаланып, мекендештерге кайрылат элем. Мисалы, кыргызстандыктар кыска мөөнөттө Россиянын жарандыгын же болбосо батирди ижарага алуу үчүн жеке агенттиктерге кайрылып, келишим түзүшөт. Ал жактагы пунктуларга маани бербей кол коюп, келишимде көрсөтүлгөн акыны төлөп коюшат. Ошол эле учурда келишимде агенттик ортомчулук милдетти аткарып жаткандыгы үчүн да акча алгандыгы көрсөтүлүп турат. Ошондуктан документтерге кол коёрдон мурда аны менен толук таанышып чыгуу керек. Эгерде түшүнбөй жатышса консулдук бөлүмдүн, Миграция кызматынын юристтерине же болбосо өкүлчүлүккө кайрылса, акысыз кеңеш берүүгө даярбыз.
Кыргызстандык мигранттар бизге өздөрү кол койгон эмгек келишими боюнча иш берген кожоюндарынын үстүнөн арызданып, "бизди алдап коюшту, чара көрүп бергиле" деп келишет. Аласа-бересе маселеси боюнча тактап кетсек, бул алдамчылык болуп саналбайт жана кылмыштын курамы жок. Ошондуктан сот аркылуу чечүү керек.
Биздин жарандар эмгек келишими жок жумуштарда көп иштешет, анан айлык акысын алууда кыйналышат. Ошондуктан мындай жол менен иштешпөөгө чакырам.
Андан сырткары, такси кызматында кыргызстандыктар көп. Алар машинаны ижарага алып, өзүнө өткөрүп алуу укугу менен келишим түзүшөт. Ал келишимдин бардыгы эле туура түзүлө бербейт. Ээси машинаны алып койгондо алар биздин жаранга "мен сага ижарага эле бергенмин, келишимде сага өткөрүп берүү деген көрсөтүлгөн эмес" дешет. Натыйжада жогоруда белгилеп кеткен учурлар сот аркылуу жекече тартипте чечилет. Анткени алар өздөрү кол коюп, келишимде көрсөтүлгөн жоболорго макул болушат. Биздин жарандар алар айткан деп ишене берет, ал эми кол коюлган келишимдерде такыр башкача көрсөтүлгөн болот.
© Фото / из личного архива Нурлана ЖанбаеваНурлан Жанбаев: кыргызстандык мигранттар бизге өздөрү кол койгон эмгек келишими боюнча иш берген кожоюндарынын үстүнөн арызданып, "бизди алдап коюшту, чара көрүп бергиле" деп келишет. Аласа-бересе маселеси боюнча тактап кетсек, бул алдамчылык болуп саналбайт жана кылмыштын курамы жок. Ошондуктан сот аркылуу чечүү керек
Представитель МВД КР в РФ Нурлан Жанбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нурлан Жанбаев: кыргызстандык мигранттар бизге өздөрү кол койгон эмгек келишими боюнча иш берген кожоюндарынын үстүнөн арызданып, "бизди алдап коюшту, чара көрүп бергиле" деп келишет. Аласа-бересе маселеси боюнча тактап кетсек, бул алдамчылык болуп саналбайт жана кылмыштын курамы жок. Ошондуктан сот аркылуу чечүү керек
— Үй-бүлөлүк чыр-чатактар менен кайрылгандар арбынбы?
— Ооба, андай маселелер болуп турат. Бирок КР менен РФтин мыйзамдарында айырмачылыктар бар. Бул жерде арыздын негизинде кылмыш иш козголгон болсо, анда жарашып алуу бир аз оорураак чечилет. Ошондуктан колдон келишинче жардам бергенге аракет кылабыз. Дагы бир жагдайды белгилеп кетүү керек, биздин мекендештер РФте негизинен нике аркылуу гана баш кошушат, ал эми мыйзамдуу жол менен ЖААЖ (ЗАГС) аркылуу каттоого турушпайт. Бала төрөлгөн мезгилде жана алимент чегерүү учурунда бул маселе, албетте, жубайларга кыйынчылык жаратат.
— Бир күндө орточо эсеп менен канча киши кайрылат?
— Күнүгө өкүлчүлүккө 60-70 жаран кайрылып, ар бирине тиешелүү кеңеш жана багыттамалар берилет. Себеби өкүлчүлүктүн негизги багыттарынын бири — кылмыштуулук менен күрөшүү. Жасалган ар бир кылмыш Россиянын аймактык ички иштер органдарына катталып, ага өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде юридикалык баа берилет.
— Кыргызстандыктар көбүнчө кандай кылмышка барышат?
— Азыркы учурда мигранттар тарабынан негизинен уурулук, алдамчылык жана баңгизатка байланышкан кылмыш иштери көп катталып, саны өсүп жатат.
— Кайсы кылмыштар акыркы убакта азайды?
— Адам уурдоо, опузалап акча талап кылуу, каракчылык жана зордуктоо фактылары төмөндөдү.
— Баңгизат ташыгандар менен күрөшүү да чоң маселе эмеспи. Айрым мекендештер бул ишке "курьер керек" деген жалган маалымат менен барып каларын, ошол эле учурда өз ыктыяры менен иштей берерин угуп жүрөбүз.
Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2020
Кызымдын сөзү талкуусуз кабыл алынды. Курсан Асановдун эксклюзивдүү маеги
— Тилекке каршы, оңой акча табууну көздөп баңгизат ташуу менен алектенген мекендештер көп болууда. Белгилеп кетүүчү жагдай, биздин мигранттардын арасында курьер болуп иштегендер арбын. Алардын адатта жеткирүү акысы 100-500 рубль, орто эсеп менен бир күндүк маянасы 1500-2500 рублди түзөт. Ал эми айрымдар шектүү буюртма берүүчүдөн алган нерсени кабыл алуучу тарапка эмес, белгиленген жерге (закладка) бекитип кетишет жана ал үчүн 5000-10 000 рублга чейин акча алышат. Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде далили менен колго түшүрүлгөн жарандарыбыздын жакындары биздин балабыз же кызыбыз "подстава" менен кармалып калды деген мааниде кайрылып жатышат.
— Кыргызстанда азыр уюшкан кылмыштуу топ баш көтөргөнү жашыруун эмес. Эмнеге мындай болуп жатат деп ойлойсуз? Бул Россиядагы мигранттарга таасир тийгизеби?
— ИИМдин кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп келген жана бул алардын ишиндеги негизги багыттардын бири. Ошол себептен азыркы учурда мигранттар арасында уюшкан кылмыштуу топтор жокко эсе. Анткени биз ага жол бербейбиз. Акыркы жолу ушул сыяктуу факты өткөн жылдын декабрь айында катталып, эки киши кармалды.
Бул факты боюнча Москва шаарынын аймактык полиция бөлүмүнүн тергөө бөлүмү РФтин КЖКнин 162-беренесинин 2-бөлүмүндө ("Алдын ала сүйлөшүү аркылуу куралды же курал катары колдонулуучу предметтерди колдонуу менен адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык") көрсөтүлгөн белгилер менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
© Фото / из личного архива Нурлана ЖанбаеваНурлан Жанбаев: биздин мекендештер РФте негизинен нике аркылуу гана баш кошушат, ал эми мыйзамдуу жол менен ЖААЖ (ЗАГС) аркылуу каттоого турушпайт. Бала төрөлгөн мезгилде жана алимент чегерүү учурунда бул маселе, албетте, жубайларга кыйынчылык жаратат
Представитель МВД КР в РФ Нурлан Жанбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нурлан Жанбаев: биздин мекендештер РФте негизинен нике аркылуу гана баш кошушат, ал эми мыйзамдуу жол менен ЖААЖ (ЗАГС) аркылуу каттоого турушпайт. Бала төрөлгөн мезгилде жана алимент чегерүү учурунда бул маселе, албетте, жубайларга кыйынчылык жаратат
— Россиядагы мигрант ишкерлердин бири маек бергенде "каралар" тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болорун айткан эле. Уюшкан кылмыштуу топ көбүнчө бизнесмендердин айласын кетиреби?
— Жабырлануучулардын арыздары укук коргоо органдары тарабынан катталышы керек. Куру сөз менен айтуу аздык кылат, аны менен маселе чечилбейт. Ушул жерден баса белгилеп кетким келет, эгерде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр, опузалап акча талап кылуу фактылары болсо дароо өкүлчүлүккө кайрылыңыздар. Биз Россия тарап менен аларды кылмыш жоопкерчилигине тартып, жазасын берүүгө толук кепилдик беребиз.
— Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин камалышы криминалдык чөйрөгө аралашкан мигранттарга кандай таасирин тийгизди?
— Россиянын аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин жашоо-турмушуна кримтөбөл Камчы Көлбаевдин камалганы же боштондукта жүргөндүгү эч кандай таасирин тийгизбейт. Анын үстүнө криминал чөйрөсүндөгү "Карышкыр", "Сакал" сыяктууларга Россияга кирүүгө тыюу салынган.
— Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүүдө сиздер кандай ыкма колдоносуздар?
— Мыйзамда көрсөтүлгөн иш мерчемдеринин негизинде иш жүрөт. Бизге болгону жабырлануучулар өз убагында жана коркпостон кайрылуусу керек.
— Эмне себептен Россияда иштеп жүргөн айрым кыргызстандыктар уюшкан кылмыштуу топторго кошулуп кетип жатат?
Чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Чекисттер менен чек арачылар бириксе эле чек ара көйгөйү чечилеби? Пикирлер
— КР ИИМинин превентивдик каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү РФ аймагында жокко эсе.
Бирок, тилекке каршы, кээ бир жаш жигиттер, анын арасында спорт менен машыккан балдар тааныштары аркылуу "маселе чечүүгө" аралашып калып калган фактылар катталып турат. Ошол эле учурда алар эмнеге көмөктөшүп жатканын билишпейт, чоо-жайын сурашпайт.
Буга байланыштуу Москвадагы кыргызстандыктардын спорт клубдарында машыккан жаш балдардын арасында профилактикалык иштер жүргүзүлүп турат. Ошондой эле мекендештерибиз иштеткен кафе-ресторандардын ээлери жана базарда соода-сатык менен алектенген жеке ишкерлер менен жолугушуулар байма-бай өткөрүлүп турат.
Аларга өкүлчүлүктүн кылмыштуулукка каршы жүргүзүп жаткан жана аткарган ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарды жеткизип турабыз. Ошондой эле мыйзамдуулукту сактоого чакырып, уюшкан кылмыштуу топ тарабынан коркутуулар болсо өкүлчүлүккө билдирүүсүн өтүнөбүз.
© Фото / из личного архива Нурлана ЖанбаеваНурлан Жанбаев: Россиянын аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин жашоо-турмушуна кримтөбөл Камчы Көлбаевдин камалганы же боштондукта жүргөндүгү эч кандай таасирин тийгизбейт. Анын үстүнө криминал чөйрөсүндөгү "Карышкыр", "Сакал" сыяктууларга Россияга кирүүгө тыюу салынган
Представитель МВД КР в РФ Нурлан Жанбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нурлан Жанбаев: Россиянын аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин жашоо-турмушуна кримтөбөл Камчы Көлбаевдин камалганы же боштондукта жүргөндүгү эч кандай таасирин тийгизбейт. Анын үстүнө криминал чөйрөсүндөгү "Карышкыр", "Сакал" сыяктууларга Россияга кирүүгө тыюу салынган
— Кримчөйрө тууралуу суроо берип жатканымдын себеби мурда криминалдык милиция кызматында көп жыл иштептирсиз, дасыккан "оперсиз". Жалпы ишмердүүлүгүңүздө кайсы чуулгандуу кылмыштардын бетин ачкансыз?
— Мен ички иштер органдарында негизинен ыкчам-иликтөө кызматында иштедим. 2011-жылы 23-февраль күнү Ноокат районунун салык инспекциясынын башчысын буюртма менен өлтүрүү фактысы боюнча кылмыштын бетин ачуудагы өзгөчөлүккө токтолуп кетким келет. Бул окуяда эки адамдын өмүрүн сактап калдым десем болот. Тагыраагы, буюртма менен үч киши — Ноокат районунун салык инспекциясынын башчысы, Ноокат РИИБдин жетекчисинин орун басары жана райондогу жеке ишкер өлтүрүлмөк экен. Буюртманы аткара турчу адам тиешелүү акчасын алып койгон, бирок биздин ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында эки киши аман калган.
— Акыркы жолу качан жана кандай жагдайда курал колдондуңуз эле?
— Ички иштер органынын кызматкери болгондуктан ок атуучу куралды пайдалануунун жана колдонуунун ыкмалары күжүрмөн даярдык машыгуулардын алкагында ишке ашырылат. 2014-жылдан тартып жетекчилик кызматтарда иштегениме байланыштуу ок атуучу куралды иш тажрыйбамда колдоно элекмин.
— Пандемия маалында мекендештерди Кыргызстанга жөнөтөбүз деп документтерди жасалмалап, акча өндүргүсү келгендер болуп жатканын социалдык тармак аркылуу эскерткенсиз. Андай топторго кандай чара көрүлдү?
Генералдык штабтын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2021
Генштабды Коргоо министрлигине айлантуунун эмне зарылдыгы бар эле. Адистердин пикири
— Чартердик авиакаттамдардын билеттерине байланыштуу болуп жатакан мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча өкүлчүлүккө 22 жаран кайрылган. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 470 800 рублди түздү. Бул фактылар боюнча 6 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ал эми калган фактылар боюнча жабырлануучуларга келтирилген зыян өндүрүлүп берилгендиктен, алар тергөө амалдарына катышуудан баш тартып, тосмо арыздарынын негизинде кылмыш иш козгоодон баш тартуу чечимдери кабыл алынган.
Козголгон иштер боюнча бүгүнкү күнгө чейин көйгөйлөр бар. Себеби жабырлануучулардын кээ бири Кыргызстанга кетип, айрымдары жашаган жерин, телефон номерлерин өзгөртүп, тергөөгө тоскоолдук жаратышууда. Россиянын ички иштер органдары өкүлчүлүккө кайрылып, алар менен байланышууга жардам берүүнү өтүнүп жатышат.
— Россияга барып иштейм дегендер укук жана мыйзам жактан эмнелерди билиши керек?
— Кыргызстан менен Россиянын жүргүзгөн саясатынын негизинде Орто Азия өлкөлөрүнүн жарандарына караганда ЕАЭБдин мүчөсү катары бизге көп жеңилдиктер каралган. Болгону биздин мигранттар Россиянын майзамдарын бузбай, коюлган миграциялык талаптарын аткаруусуна чакырып кетет элем.
© Фото / из личного архива Нурлана ЖанбаеваНурлан Жанбаев: биз мекенибизден алыс жерде жүрөбүз, бул жерде конокпуз. Россияга жарандар жыргап, ойноп эмес, акча деп келгенден кийин ар кандай шылуундардан, терс жолдордон алыс болуп, мыйзамдын талаптарын так аткарып жүрүүсүн өтүнүп кетер элем
Представитель МВД КР в РФ Нурлан Жанбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нурлан Жанбаев: биз мекенибизден алыс жерде жүрөбүз, бул жерде конокпуз. Россияга жарандар жыргап, ойноп эмес, акча деп келгенден кийин ар кандай шылуундардан, терс жолдордон алыс болуп, мыйзамдын талаптарын так аткарып жүрүүсүн өтүнүп кетер элем
— Россиядагы мекендештерге кайрылууңуз, айтар сөзүңүз бардыр...
— Биз мекенибизден алыс жерде жүрөбүз, бул жерде конокпуз. Россияга жарандар жыргап, ойноп эмес, акча деп келгенден кийин ар кандай шылуундардан, терс жолдордон алыс болуп, мыйзамдын талаптарын так аткарып жүрүүсүн өтүнүп кетер элем.
Эгерде кандайдыр кыйынчылыктар болсо КРдин РФтеги мамлекеттик органдарына — биздин өкүлчүлүккө, элчиликтин консулдук бөлүмүнө жана миграция өкүлчүлүгүнө кайрылышса мыйзамдын негизинде көйгөйлөрүн чечүүгө колдоо көрсөтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0