Невролог: байкалбай келген инсультту 7 белгиден улам билсе болот

© AFP / FRED TANNEAUМээнин сүрөтү. Архив
Мээнин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Сырттан караган адамга эч бир белги бербей туруп, мээдеги кан айлануунун чукул бузулуусун медицинада "жымжырт инсульт" деп аташат. Аны компьютердик же магниттик-резонанстык томография гана аныктай алат.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Невролог Аминат Долова байкалбай келген инсульттун белгилерин айтып берди. Бул тууралуу "АиФ" басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Сырттан караган адамга эч бир белги бербей туруп, мээдеги кан айлануунун чукул бузулуусун медицинада "жымжырт инсульт" деп аташат. Аны компьютердик же магниттик-резонанстык томография гана аныктай алат", — деди дарыгер.
Бирок ал өз саламаттыгына тыкыр көңүл бургандар инсульттун мындай түрүн дагы байкай аларын билдирди.
Ал үчүн киши өзүнөн төмөнкү белгилерге көңүл бурушу керек:
  • капылет баш айлануу;
  • адамдын басышынын бузулушу;
  • көздүн көрүүсү дароо начарлап кетиши;
  • каректердин кыйшайышы;
  • сөздөрдүн туура эмес айтыла башташы;
  • беттин симметриясынын бузулушу;
  • колу-буттун чымырашы.
Адис бул белгилерди өзүнөн байкаган адамдар тез арада дарыгерге кайрылуусу керектигин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0