Мектеп менен бала бакчаларды 1-марттан тарта иштетүү пландалууда

© AFP / CHRISTOF STACHEБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
4-февраль күнү Бишкек муниципалитетинин алдына 20дай киши топтолуп, мектеп менен бала бакчаларды ачуу талабын коюшкан.
БИШКЕК, 10-фев. - Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 1-марттан тарта бардык мектептерди жана бала бакчаларды толук кандуу иштетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган ведомствонун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" эфиринде сүйлөп жатып билдирди.
"Албетте, көп нерсе кырдаалдан көз каранды болот. Эгер коронавируска же Кавасаки синдромуна кабылгандар көп катталса, абалга жараша чечим кабыл алабыз", — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, өлкөдөгү мектептер былтыркы окуу жылынын 3-чейрегинен бери аралыктан окуу режиминде иштеп жатат. Быйылкы окуу жылынын башынан бери 1-класстын балдары мектепте окуп, жакын арада эле алардын катарына 5, 9 жана 11-класстын окуучулары кошулду.
4-февраль күнү Бишкек муниципалитетинин алдына 20дай киши топтолуп, мектеп менен бала бакчаларды ачуу талабын коюшкан. Анда ошол учурдагы мэрдин милдетин аткаруучу балбак Түлөбаев 1-марттан тарта Бишкектеги бардык мектептер менен бала бакчалардын ачыларын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0