Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль Садыров"Эркиндик" эстелиги Баткен шаарында. Архив
Эркиндик эстелиги Баткен шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
10-февралга караган түнү республика боюнча туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу бар. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Шаршембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй облусунда +3…+8, Таласта +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл өрөөнүндө +2…+7, Нарын жергесинде 0…-5 градус болот.
Бишкекте жамгыр жааса, Ошто жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +6…+8, Ош шаарында +12…+14 градус болору болжолдонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0