Кытай майрамынан улам "Торугарт" менен "Эркеч-Там" убактылуу жабылат

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекети. Архив
 Эркеч-Там көзөмөл-өткөрүү бекети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Биринчи өткөрүү пункту 11-15-февралда, экинчи өткөрүү бекети 12-16-февраль күндөрү кытай тараптын демилгеси менен убактылуу ишин токтотуп турат.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кытайдын жаңы жыл майрамына байланыштуу "Торугарт" менен "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, "Торугарт" өткөрүү пункту 11-февралда жабылып, 15-февралдан тарта транспорт каражаттары менен жүктөрдү өткөрүп баштайт.
Ал эми "Эркеч-Там" өткөрүү бекети 12-февралда ишин убактылуу токтотуп, 16-февралдан тарта иштеп баштайт.
Белгилей кетсек, эки пункт тең өзгөчө алгоритм менен иштейт. Анда Кытайдан Кыргызстанга гана жүк өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0