Бишкекте уруксатсыз үй куруп жүргөн компаниянын курулуш иштери токтотулду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Буга чейин тиешелүү кызматтардын колдоосуна ээ болуп алып, узак убакыттан бери курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келген ири курулуш компаниясы аныкталган.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкекте үйлөрдү мыйзамсыз куруп жүргөн компаниянын коррупциялык схемалары боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
УКМК буга чейин шаар курууга тийиштүү жана уруксат берүүчү документтерсиз көп кабаттуу үйлөрдү куруу фактысы аныкталганын белгилеген.
"Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана курулуш компаниянын өкүлдөрүнө укуктук баа берилет. Мыйзамсыз тургузулган объектилер инженердик коммуникациядан ажыратылып, курулуш иштери токтотулган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын аймагына мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу, мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниялардын лицензияларын жокко чыгаруу боюнча сот иштери башталганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0