Кыргызстандык келин Стамбулдун аэропортунда көз жарды. Видео

© AFP / YOSHIKAZU TSUNOКош бойлуу келин. Архив
Кош бойлуу келин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Кыргызстандык аял жолдошу менен Стамбул аркылуу Анкарага учууга камынып жатышкан. Төрөттү аба майдандын кызматкерлери кабыл алышкан.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандык келин Стамбул аэропортунда көз жарганын Түркиянын NTV телеканалы жазды.
Маалымат боюнча, окуя кечээ, 7-февралда, болгон. Кыргызстандык аял күйөөсү менен Санкт-Петербург шаарынан Стамбулга келген.
Жубайлар паспорттук көзөмөлдөн кийин Анкарага учушмак, бирок аял өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон.
Москванын метросунда кыргызстандык келинге жардам берген полиция кызматкерлери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2020
Москванын метросунда төрөгөн келинди полиция кызматкерлери көргөнү барды. Сүрөт
Күйөөсү Мухаммадали Исмаилов келинчеги кош бойлуу экенин айтып, аба майдандын кызматкерлери терминалдын жанынан төрөттү ыкчам кабыл алууга киришишкен. Аял ошол жерден кызын жарыкка алып келген.
Көп өтпөй эне-бала Башакшехир шаардык ооруканасына алып келинген. Учурда экөөнүн тең абалы жакшы экени айтылат.
Ал арада окуянын күбөлөрү социалдык тармактарга аэропорттун кызматкерлери төрөттү кабыл алып жаткан видеолорду бөлүшүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0