Кыргыз-казак чек арасында дагы эки өткөрүү пункту иштей баштады. Шарттары

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨткөрүү пунктундагы аял. Архив
Өткөрүү пунктундагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Кыргызстан менен Казакстандын чек араларында беш өткөрүү пункту иш алып барууда. Ал эми темир жол каттамдары боюнча "Кайыңды" пункту ачык.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында "Кең-Булуң" жана "Токмок" көзөмөл өткөрүү пункттары ишин жандантты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Аларды кошкондо ушул тапта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында беш өткөрүү пункту ("Ак-Тилек", "Чалдыбар", "Кең-Булуң", "Токмок", "Чоң-Капка") иш алып барууда. Ал эми темир жол каттамдары боюнча "Кайыңды" пункту ачык.
Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Казакстанга кирүү эрежелери өзгөрдү. Эмнени билип алуу керек
Белгилей кетсек, иштей баштаган "Кең-Булуң" өткөрүү пункту аркылуу транспорт жана адамдар өтө алат. Бирок казак тарапта жүк ташуучу унаалар бош болгон учурда гана киргизилет. Ал эми "Токмок" көзөмөл пункту аркылуу товар алып өтүүгө болбойт.
Эске салсак, казак-кыргыз чек арасынан өтүүдө бир нече чектөөлөр коюлган. Мисалы, кайсы өлкөнүн жараны болбосун, акыркы 72 саат ичинде коронавируска кабылбаганын тастыктаган ПЦР-тесттин жыйынтыгы болушу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0