Түштүк Корея Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жандантты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТүштүк Кореянын желеги. Архив
Түштүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Аталган өлкөгө бара тургандар тыкыр текшерүүдөн өтүшү керек. Эгер баргандардан илдет аныкталса, аталган өлкө виза маселесин кайра карашы мүмкүн.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Түштүк Корея Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жандантты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 8-февралдан тартып Кыргызстандын жарандары аталган өлкөгө тоскоолдуксуз кире алышат.
Эл аралык аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Жумушсуздук, миграция... Президент абалды кантип жакшыртканы жатат
Корея өкмөтүнүн чечими Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды талдоонун негизинде ишке ашканы айтылат. Мында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери менен дипломаттарынын кызматташтыгынын да таасири чоң экени белгиленген.
ТИМ аталган өлкөгө бара турган жарандарды коронавируска карата текшерүүдөн өтүшү керектигин эскертет. Эгерде Түштүк Кореяга барган жарандардан COVID-19 илдети аныкталса, анда виза маселеси кайра каралышы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0