COVID-19га каршы вакциналар жана тукумсуздук боюнча эксперт айтып берди

© AP Photo / Jean-Francois BadiasМедайым COVID-19 каршы вакцинасы менен шприц даярдап жатат
Медайым COVID-19 каршы вакцинасы менен шприц даярдап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперти алар коронавируска каршы сунуштап жаткан вакциналар туурасында адамга зыяны тиет деп тараган маалыматтар жалган экендигин айтты.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. COVID-19га каршы сайылган вакцина тукумсуздукка алып келбейт. Бул туурасында ДССУнун (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун) Иммунизациялоо жана вакцина боюнча департаментинин директору Кейт О`Брайен билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз сунуштап жаткан препараттар тукумсуздукка алып келбейт. Бул болгону ар кыл вакциналар боюнча тараган имиштер, ал чын эмес. Адамды тукумсуз кылып сала турган вакцина жок", — деген О`Брайен журналисттердин бул жаатта берген суроосуна жооп узатып жатып.
Анын айтымында, жаңы вакцина адамдын ДНКсын өзгөртүп жиберет деген нерсе да туура эмес.
Медициналык маскачан кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2021
Пандемия учурунда балалуу болобуз дегендерге адистин кеңеши
"Бизде азыр mРНК негизиндеги эки вакцина бар, мындай препараттар эч качан ДНК боло албайт жана адамдын ДНК клеткасын өзгөртө албайт. mРНК препараттары денеге протеиндерди иштеп чыгуу зарылдыгын эскерткич болуп саналат", — деп билдирди эксперт.
О`Брайен mРНК негизинде жасалган вакцина вирусту дарылоонун жаңы ыкмасы экендигин айтты. Анда адамдын организми дарт менен күрөшүү үчүн зарыл болгон белокту өзү иштеп чыгарат.
Жаңылыктар түрмөгү
0