Кээсин билип, кээсин билбей эле төлөй беребиз. Кыргызстандагы салыктын түрлөрү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз сом монеталары. Архив
Кыргыз сом монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Кыргызстанда салыктын 15тей түрү бар. Алардын ичинен айрымдарын колуна акча кармаган ар бир жаран төлөсө, кээ бирөөнү өзүбүз билбей эле күн сайын төлөөгө туура келет.
Жыл башталары менен Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер менен чылымга акциздик салык көтөрүлдү. Бул аталган товарлардын баасына таасир этпей койбойт.
Өлкөдө салыктын кандай түрлөрү бар жана ким алардын кайсынысын төлөөгө милдеттүү экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги эске салды.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2021
Радио
Сазыков: электрондук эсеп-фактураны 12 миңдей ишкер колдонууда
Кыргызстанда салыкты жеке тараптардан тышкары ишкерлер жана ишканалар төлөшөт. Каражат салыктын түрүнө жараша ай, квартал же жыл сайын мамлекетке төгүлөт.
Салыктын үч түрү бар: жалпы мамлекеттик (киреше салыгы, пайда салыгы, кошумча нарк салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы), жергиликтүү (жер салыгы, мүлк салыгы) жана атайын (милдеттүү патенттин негизиндеги салык, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, келишимдин негизиндеги салыктар, эркин экономикалык аймактардагы салык режими, жогорку технологиялар паркындагы салык режими, майнингге салык) салыктар. Алар жөнүндө ийне-жибине чейин билгиңиз келсе, Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына www.sti.gov.kg кирип көрсөңүз болот.
Төмөндө ар бир салык тууралуу урунттуу учурларын беребиз. Кененирээк маалымат алуу үчүн салыктын аталышын басуу керек.
Баса, кыргызстандыктар бул салыктардан тышкары, келечектеги пенсиясын топтоо үчүн Социалдык фондго төлөшөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0