Жаан жаап, күн сууктайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКыз кол чатыр менен. Архив
Кыз кол чатыр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
8-февралда күндүз жана 9-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаандын катуу жаашы божомолдонууда.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. 8-10-февралга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бүгүн күндүз жана 9-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаандын катуу жаашы божомолдонууда.
Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Жаанчыл болот, күн кайра сууктайбы? Бир жумага карата аба ырайы
9-февралда жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлүп жатат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөшү ыктымал.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындата турганын ӨКМ эскертти.
Жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0