COVID: беш бейтап көз жумуп, 42 киши ооруп калды. Кыргызстандагы статистика

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкерлери жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Архив
Медицина кызматкерлери жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Акыркы убакта Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандар күн сайын катталып жатат. Андан сырткары, стационарларда оор абалда жаткандар көп болууда.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан үч бейтап каза тапса, 42 киши ооруну жуктуруп алды. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
"Өткөн суткада Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир, Ош облусунда бир бейтап оору менен алышып жатып көз жумду", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми илдеттен 79 адам айыгып чыккан. Бирок учурда ооруканада дарыланып жаткандардын арасында абалы оор бейтаптар да бар.
"Учурда стационарда жаткандардын ичинен 118 адам оор, 31 киши өтө оор абалда жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 572 адам амбулатордук дарыланууда экени кабарланды.
Бир сутка ичинде коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны:
  • Бишкек - 32;
  • Ош - 2;
  • Чүй облусу – 4;
  • Жалал-Абад- 2;
  • Нарын облусу - 1 ;
  • Талас облусу - 1.
Бир сутка ичинде коронавирустан айыгып чыккандар:
  • Бишкек – 33;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
Жаңылыктар түрмөгү
0