Кыргызстандан Россияга учуучу туруктуу авиакаттамдар көбөйдү. Расписание

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта "Жуковский"
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Кыргызстандыктар Россияга туруктуу жана чартердик авиакаттамдар менен учуп кете алышат. Бирок айрымдарына негиздеме талап кылынат.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанда Бишкек — Москва багыты боюнча туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлдү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Аэропорттору жургунчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2021
Кыргызстандан Россияга кантип учуп кетүү керек? Элчиликтин түшүндүрмөсү
Кыргызстандыктар, мындан сырткары, чартердик, анын ичинде башка багыттагы авиакаттамдар менен да учуп кете алышат. Бул үчүн бир катар негиздемелер керек. Алар:
Россияда жашаган жакын туугандары (өмүрлүк жары, ата-энеси, балдары, асырап алуучусу, асырап алынгандар), Россия жарандарынан камкорчулары барлар;
  • чет өлкөдө жашаган мекендештердин Россияга ыктыярдуу түрдө көчүп келүүсүн илгерилетүү боюнча мамлекеттик программага катышуу;
  • дарылануу үчүн баруу;
  • Россияда жашоого уруксат кагаз алуу;
  • камкордукка муктаж оорулуу туугандарына (жубайына, ата-энелерге, балдарга, багып алуучу ата-энелер, асырап алынган балдар), камкорчуларга баруу үчүн Россияга бир жолу кирүү;
  • Россияга жогорку квалификациялуу адис катары үй-бүлө мүчөлөрү (жубайлар, ата-энелер, балдар, багып алуучу ата-энелер, асырап алынган балдар) тарабынан ФСБга жана Россиянын ИИМине жумуш берүүчү жиберген тизмелер боюнча;
  • дипломатиялык же консулдук мекемелер аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлер, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү.
Жаңылыктар түрмөгү
0