Марипов чуу жараткан Төрткүл суу сактагычы боюнча видео кайрылуу жасады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаПредседатель Счетной палаты Кыргызстана Улукбек Марипов
Председатель Счетной палаты Кыргызстана Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Жазылуу
Өкмөт башчынын айтымында, жакынкы күндөрдө Төрткүл суу сактагычын, ошондой эле анын башкы суу буруучу жерин стратегиялык объектилерге киргизүү боюнча иш башталды.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов коомчулукта чуу жараткан Төрткүл суу сактагычы боюнча видео кайрылуу жасап, түшүндүрмө берди.
Эске салсак, буга чейин премьер-министр парламентте өкмөттүн курамы каралып жаткан кезде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып: "Баткенде Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын, тилекке каршы, алдырыптырбыз", - деп билдирген.
Кийин депутат Тазабек Икрамов эгер премьердин айткандары чын болсо, иш чатак жагына айланарын билдирген
Марипов бүгүнкү кайрылуусунда өзүнүн айткандарына төмөнкүчө түшүндүрмө берди.
"Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары мени түшүндү деп ойлойм. Бул жерде сөз ошол Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы башкы суу бөлүштүрүүчү тосмосунан 500-600 метр жогору турган кошуна өлкөгө тиешелүү Кайрыма каналы тууралуу болгон. Тилекке каршы, кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурууга аракет кылышы мүмкүн. Ушул маселени биз келечекте мамлекеттин кызыкчылыгына чечиле тургандай, мыйзамдын чегинде карашыбыз керек", — деди өкмөт башчысы.
Ал ошондой эле Төрткүлдү стратегиялык объектилердин катарына киргизүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдирди.
"Баткендин эли чек арага чеп болуп коргоп келишет. Бул үчүн өзүнчө ыраазычылык билдиремин.Төрткүл суу сактагычы, анын башкы суу буруучу жери боюнча дагы биздин өзгөчө ой-пикирибиз бар. Жакынкы күндөрдө Төрткүл суу сактагычын, ошондой эле анын башкы суу буруучу жерин стратегиялык объектилерге киргизүү боюнча иш башталды. Муну президент менен Коопсуздук кеңешине сунуштайбыз", — деди Марипов.
Премьер-министр кошуна Тажикстан менен дагы ынтымакта жашап, бардык маселелерди дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин өкмөт дагы Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү деген билдирүү тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0