Чемпион тарбиялай албаган армандуу агай. Гүлзада Рыскулованын айылга каты

© Фото / Азия РыскуловаПевица, исполнительница Гулзада Рыскулова
Певица, исполнительница Гулзада Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Жазылуу
Бул сапар айылга катты ырчы жана аткаруучу Гүлзада Рыскулова жазды. Анда чемпиондорду ааламга чыгара албай калган Жапаш агайын, керемет мугалимдерди, тарбиянын тамырын жайылткан чоң энелерди эстеди. Баса, руханий терапия туурасында да айтып берди.
... Саламатсыздарбы, айылдаштарым. Бул ирет кичи мекениме өзгөчө баам салып, ыраазылык билдирсем деген тилектемин. Алды-кийин мынча көп сандагы адамдарга кат жазып көрбөптүрмүн.
Бала кезди, албетте, ар бир адам канааттануу менен эстейт. Бул катка ошондо оңбогондой тентектик кылып, кийин эс тартканда каткырып эстеген окуялардын кээ бирин жана сонун адамдар жөнүндөгү эскерүүлөрүмдү түшүргүм келди.
Чымбайга кат жолдойм деп камынып жаткан ирмемдерде көп нерсе кудум кинокадрлар сындуу чууруду. Алакандай жүрөктөргө ааламга жеткидей дем берген айылдын күч-кубаты, сыры эмнеде болду экен? Жооп таба албайм, бирок тээ көңүлдүн түпкүрүндө улутубуздун улуулугун сактап адамгерчиликтин, жакшылыктын башатында айыл турганын сезем.
КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2020
Бир ууртам шарап, биз аңдыган жарык. Сыймык Бейшекеевдин айылга каты
Өзгөндүн Чымбай айылында туулуп-өстүм. Үй-бүлөдө экинчи наристе экенмин, атымды Гүлзада деп атам коюптур. Баса, менин атам атасынын 70 жашында көргөн уулу экен. Андыктан айылдаштары Абдуллажан деп азан чакырган ысымын колдонушпай, домбулактыктар да, өзгөндүктөр да Жетимиш деп калышыптыр. Биз да "Жетимиштин кыздары" болуп чоңойдук.
Бирок ошол Жетимиштин кыздары азыр ойлосом эс тарткыча, бала кезинде бир топ эле тентек болуптурбуз. Бейбаштыктын идеясы ашып-ташып турчу экен, азыр баамдасам.
Атам бир алпейим киши эле. Ишке кетип жатканда иним, башка кыз бир туугандарым — төртөөбүз бутуна оролуп, кучактап алчубуз да, жумушуна чейин жармашкан тейде барчубуз. Бул картина күнүгө кайталанчу. Азыркыга чейин атамдын сабырдуулугуна тан берем. Эч кимибизди "кой, ай" деп какканын укпадым. ...Босогодон бут кийим кийип баштаганда аңдып турчумун. Андан ары бутка чалынган мындай турсун, чап жабышмай. Ошондо атам ичинен эмне деп ойлочу болду экен, мага азыркыга чейин кызык. Эстеген сайын жылмайып коем.
"Удаа-удаа төрөлгөнүңөрдөн баарыңарга үйрүлүп түшүп, көңүл бөлгөнгө убактым да жок, жетишпейт да элем" дейт апам кээде сүйлөшүп отуруп калганда. Анткен менен бала чагыбызды кечке жумшай бербей, түйшүксүз өткөргөнгө аракет кылышканын айтып калат. Ал өзү бала чагында мээнетти көп тартканы үчүн наристелерине эркиндик берген окшойт. 
© Фото / Азия РыскуловаБул сапар айылга катты ырчы жана аткаруучу Гүлзада Рыскулова жазды
Певица, исполнительница Гулзада Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бул сапар айылга катты ырчы жана аткаруучу Гүлзада Рыскулова жазды

Алтын чоң энем, аарылар жана шаардык кыздын окуясы

Биздин тентектигибиздин "сюрприздерин" Алтын чоң энем көп көрүп калды. Эсимде, атам, андан соң жакшынакай кийинип, атырын себинип алып апам ишке кетет. Атырынын жыты дагы деле мурдумда. Үйдө бешөөбүз калабыз, бизге баш-көз болгон ошол байбиче. Азыр ойлосом, энем байкушту кыйла какшатчу экенбиз, кулагы да катуураак эле. Экөө кетери менен күндүн ысыгына карабай, араң турган биз көчөнү көздөй ат коюп, жер калбай калгансып тамдын чатырына чыгып кетчүбүз. Энем эшикке издеп чыгып, чатырдын так төбөсүндө чокчоюп тизилип отурган бизди көрүп алгачкы күндөрү аз жерден чалкасынан кете жаздайт. Корккон энем түшкүлө деп кыйкыра берип, үнү бүтүп калчу. Элестетсеңиз, маймыл сымал жайылып тамдын башында жүрсө, жаны чыкпай анан не болот? Бүгүн ал кишини эң сонун түшүнүп турам. Менин төрт балам чатыр эмес, бир аз бийигирээк чыкса, коркуп кетем. ... Энемди какшатып түшпөйт элек. Так төбөсүнөн ылдый сыйгаланып, чатырдын этегине чейин зуулдап келип, кырына жеткенде тык токтойбуз. Бизди эмне кармап калчу экенин азыркыга чейин түшүнбөйм. Балким, бала болуп салмагыбыз жеңил беле. Андан ары жерге учуп түшсөк, кулап кетсек эмне болот деген ой жок. Тунукени кармап, жөрмөлөп кайра жогору чыгабыз. Командирибиз — эжем. "Альпинисттик" аз келгенсип, өтө ойлоп тапкычтыгыбыз кээде ушундай өнүгүп кетер эле. Энемдин бизди бейбаштыкты башка нукка бурам деген аракети алгач ийгиликтүү болду... Амал ойлоп тааптыр. "Мен тетиги жакка барып өлүп калам" деп көчөгө чыга жөнөгөндө чурулдап, чуркурап чатырдан түшүп, "өлбө эле, өлбө" деп артынан чуркайбыз. Бирок ал маневрга кийин алданбай калдык. Энем да абдан сабырдуу адам экен, ата-энебизге "балдар ушинтти" деп бир жолу сөз кылганын уккан жокпуз. Ошентип жүрүп, энемди да биздин "экшнге" көндүрдүк. Баягыдай алаңдабай калды.
Диктор Мирзат Муканов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2020
Бир бөтөлкөгө арыктын эле суусун берип ийгилечи... Мирзат Мукановдун айылга каты
Кийин тентектигибиз ушунчалык өнүгүп кеткендиктен оюндун башка, дагы татаал, экстремалдык түрүн ойлоп таптык. Күрүч жыйналгандан кийин калган саманды бурчка бийик кылып, тердеп-тепчип үйүп чыгабыз да, тамдын тунукесинен ылдый зуулдап келип, ошол үймөккө башыбыз менен сайылабыз. Аны жөн жасабайбыз, ушунчалык ылдамдык менен секирип түшүшүбүз керек деген максат койдук. Кантип чымылдап тез чуркайбыз деген "дилемма" турду. Анын жолун таптык. Чатырдын ичинде аарылардын уюгу болор эле, ошону узун чыбык менен жыра саябыз, ызылдаган аарылар бизге ат койгондо ушундай ылдамдык менен чуркап, баягы үймөккө "дүп" этип түшөбүз. Жан керек да. Артыбыздан тобу менен кууган бечара аарылар биз самандын ичине кадимки десантчылар сындуу катарлаша келип секирип кирип кеткенде таппай ызылдап, айланып калышар эле. Жер жуткандай жок болчубуз. Азыр эстесем, ошол жандыктар деле биздин "кайып болуп" кеткенибизди түшүнбөй калса керек. Аарынын да башын айлантканга адистешкенбиз. Ошентип Абдуллажан – Жетимиш эсепчинин тамынын чатырында аарылар менен биздин согуш башталып, төрт бир тууган алардын №1 душманына айландык. Алар тажабай талкаланган уюгун кайра салып башташат. Башка жакка да көчүшпөйт. Биз чоңойсун деп кара-а-ап турабыз, убактысы келгенде кайра барып таяк менен бир сайып, жанталаша качабыз. Кийинчерээк аарылар да биз менен кадимкидей күрөшүп баштады. Төрт "маймыл" шатыдан чыгып, карааныбыз көрүнгөндө эле эки-үч аары ызылдап уча баштайт. Бир ирет эстен кеткис окуя болду. Таякемдин шаардан келген кызына "сценарийди" түшүндүрүп, "саманга тез секирип түшөсүң" деп катуу эскерттик. Учурунда кача албай калдыбы, айтор, шаардык кыз аарыга таланып, бети-башынын баары шишип, ыйлаганы эсимде. Бирок чапчаңдык менен "душман таалаасына" кайтып келип, тууганыбызды куткарганга жетишкенбиз. Айтмакчы, биз чатырдан аарыга бир да жолу чактырган эмеспиз. Бул күндөрдү эстеген сайым жылмаям, анча эмне тентек болгонбуз, билбейм. 
© Фото / Азия РыскуловаРыскулова чемпиондорду ааламга чыгара албай калган Жапаш агайын, керемет мугалимдерди, тарбиянын тамырын жайылткан чоң энелерди эстеди
Певица, исполнительница Гулзада Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Рыскулова чемпиондорду ааламга чыгара албай калган Жапаш агайын, керемет мугалимдерди, тарбиянын тамырын жайылткан чоң энелерди эстеди

Ак улактын кызыгы менен азабы

Атам бизди алаксып, эрмектесин дедиби, бир ирет апакай улак алып келип берди. Төртөөбүз ушунчалык жакшы көрүп бактык. Колубузга тийген таттууну берчүбүз. Ичибиз ысып кеткенде мүйүзүнөн кармап, сүзүшүп-сүзүшүп коюп кетип калчубуз. Кийин ал жарыктык чоңойду, мүнөз күттү, байкатпай келип капталдап сүзө турган болду. Абдан акылдуу болуп чыкты. Тийишсең, кыжырына тийсең тызылдатып кууп алат. Биздин тап берип, чочутуп, ал тургай сүйлөп тийишкенибизди да адам сымал түшүнөр эле. Кышында кире беришке жатып алчу. Бир күнү карасак, каалгадан 5 метрдей жерде адатынча жатат. Кар тизеден. Эшикти ачып эчкиге тилибизди сомоңдотуп, озондоп үнүбүздү чыгарып, тийишип, кайра култ этип кирип кетебиз. Баягы эчкинин жини келе баштады. Тамды жылаңайлак тегеренип келип, эчкини эшикте калтырабыз деп сүйлөштүк. Даярданып туруп, күү менен үйдөн атып чыкканда аңдып турган эчки тамды айланта, тызылдата кубалайт. Акмалап турабыз да. Эшиктегибиз чуркап кирери менен жыгач каалганы шак жаба калганда, эчки капыстан жабылган каалганы ушундай күч менен күүлөнө токтоно албай сүзөт. Ызасына чыдабай мүйүзү менен эшикти бир нече жолу челип, жөөлөп кайра кетет. Бул трюк бир нече ирет кайталанды. Бирок ал жаныбар инимди капыстан "кармап алып" өчүн алып, биздин таймаш тамам болгону эсимде. Ата-энем бул окуядан кийин байкуш ак эчкинин жок кылышкан. 
© Фото / Азия РыскуловаЫрчы руханий терапия туурасында да айтып берди
Певица, исполнительница Гулзада Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ырчы руханий терапия туурасында да айтып берди

Планетаны "башкарган" Шарапат айым, энем деп билген Бермет эже

Айтор, айта берсек бала чактагы кылыгыбыз кудайга шүгүр болуптур. Өтө энергиялуу, азыркы тил менен айтканда гиперактивдүү болуптурбуз.
Анан балалыктагы кийинки доор башталды. Мектеп, азыр ойлосом, мен үчүн турмуштук жана чыгармачылык өзүнчө бир этап болгон экен.
Биринчи мугалимим Бермет Абсатарова эже эле.  Азыр ойлосом, мектеп босогосун аттаган күнү ал бала тили менен сүйлөп, өзүнүн педагогдук тажрыйбасы менен бизди өзүнө тарткан окшойт.
"Балдарым, силер маймылсыңар (мечин жылында туулган элек да), мен да маймылмын. Мен силердин апаңар болом" десе, үйдө өзүнчө, мектепте да башка бир эне болот турбайбы деп ишенип жүрө бериптирмин... Биринчи мугалимим.
Доктор медицинских наук, кардиохирург Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2019
Оорукчан элем, атам желкесине көтөрүп бакты. Кардиохирург Абдрамановдун айылга каты
Бала чагымда айыл өкмөттү жетектеп турган келбеттүү, бир сырдуу, оор басырыктуу, өктөм жүргөн, эл сыйлаган Шарапат эжеге абдан суктанчумун. Балалык түшүнүгүмдө Жер шарын, адамдардын бардыгын Шарапат эже башкарат деп ойлоор элем. Айылдын биз тарабында жашаган Каныкей эне мени "Гүкүн мырза" деп атап, өзү алтымыштарда болсо да, мектеп босогосун аттай элек кичине кыз менен каадалуу кишидей сүйлөшчү. Апама келип, "ушул кызың кыйын чыгат" деп жатканын кулагым чалар эле. Мени жакшы көрүп турганын билип турчумун. Үнү абдан бийик болчу, анда чөнтөк телефон жок, балдарын чакырганда айылдын аркы башына угулчу. Сонун адам болчу.
...Үч-төрт үй ары турган Калык таганын Бурулган деген жубайы бар эле. Анын алмаларын, алмурутун, тытын уурдап канча ирет какшаттык. Эмнегедир алардыкы эрте бышчу. Кууратып эле эрте жазда "кол салчубуз". Бирөөбүз "чалгынчылыкта" туруп, олжо колго тийгенде дыркыраган бойдон каччубуз. Көрүп калса, артыбыздан айыл жаңыртып кыйкырып калар эле. Сурасак деле берет эле да, азыр ойлосом. Анан Ажар деген апа бар эле. "Жер эне" деген клибиме тартылып калды. Булардын баары биз бала чакта таанып-билип, колунан даам татып, нанын жеп, чайын ичип, анча-мынча какы-кукус кылып тарбиялаган чоң апалар. Тилекке каршы, алардын көзү өтүп кетти. Бул клипке айылдын сонун учурларынан бир үзүм болсо да тартканга жетишип калдык. 
© Фото / Азия РыскуловаРыскулова: Чымбайга кат жолдойм деп камынып жаткан ирмемдерде көп нерсе кудум кинокадрлар сындуу чууруду
Певица, исполнительница Гулзада Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Рыскулова: Чымбайга кат жолдойм деп камынып жаткан ирмемдерде көп нерсе кудум кинокадрлар сындуу чууруду

Кайран Жапаш агай...

Мектепте окуп жүргөндө мени шыктандырган мугалимдердин бир катарларынын көзү өтүп кетти. Адабиятчы Абилова Апал эже менен географ Сатишев Асылбек агай мени ырдатмайын сабагын баштабайт эле. Тажибаев Ташмамат агай, Абдиева Калия эжекенин да талабы ошондой болчу.
Алып баруучу Нурзат Токтосунова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2020
Кой кайтарган кара кыз, эмгекчил коңшулар. Нурзат Токтосунованын айылга каты
Ормокеев Жапаш агайды айтпасам болбойт, балдарды ушунчалык жакшы көргөндүгүн азыркыга чейин баалап келем. Айылда спорт зал жана шарттын жоктугуна карабай гимнастика боюнча окуучуларды облустук деңгээлге чыгарды. Шарт жок, машыга баштаганда ал жердин чаңы сапырылып калчу. Маанилүү делген эл аралык сынактардын бирине, Самаркандда (Өзбекстан) уюштурулган турнирге Ош коогалаңы чыгып кетип бара албай калдык. Жапаш агай элеттик жөнөкөй мектептин, дээринде бар мугалимдин да чоң ийгиликке жете аларын көрсөттү. Агай буга бир тыйын кошумча акча алчу деле эмес, жанын үрөп иштейт эле... Тилекке каршы, көзү өтүп кетти.
Ал эми Абдурасул Дүйшеев (Памы агай деп койчубуз) жогорку окуу жайын бүтүрүп келип, биздин кийинки турмушубузга жол көрсөтүп, сонун материалдар менен окуткан мыкты педагог болду. Географиядан берген сабагында дүйнө таанымыбызды кеңейткенге, азыр баамдасам, абдан зор салымын кошкон. Мектеп программасынан сырткары баалуу маалыматтарды кошуп өтчү. Тарбиялык сабактары да укмуш эле. Менин талантыма ишенерин улам бекемдеп, өнөрүмдү баалап, чыгармачылыкка кеткенге багыт берди. Агайдын жол көрсөткөн сөздөрү азыркыга чейин эсимде. 
© Фото / Азия РыскуловаРыскулова: менин атам атасынын 70 жашында көргөн уулу экен
Певица, исполнительница Гулзада Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Рыскулова: менин атам атасынын 70 жашында көргөн уулу экен

Асманга чыксаң да тамырың айылда

Менин өнөрүмдү биринчи кезекте ачкан, сахнага биринчи жетелегендер да, алгачкы угармандарым да мугалимдер, айылдаштарым, окуучулар, классташтарым экенин белгилеп кетким келди.
Асманга учуп, космосто жашап калсак да адамдын түбү, тамыры бар. Ошолордун ири башында тарбия турат. Тарбиянын башаты менин түшүнүгүмдө айылдан башталат.
Жолдо баратып тентектик кылсаң, айылда кимдин кызысын, баласысың деп сөзсүз сурайт эле. Бул балага коомчулук менен эсептешүүгө, өзүн коомду да сыйлап алып жүрүүгө таасирин берет.
Энем улуулар турганда аларды жара өтүп, тастайып басып кетпей ыйбаа кылып четтеп өт же өтүп кеткенче тура тур деп насаат айтчу. Ар бир кыймылың сөз жок эле, унчукпасаң деле сүйлөп турарын үйрөтчү. "Улуу адам келе жатканда алдына түшүп алып, ашыгып басып кетпе, тамакты улуулар ооз тийсин" дечү. Маселен, атам иштен келмейин, тамакты жебей күтүп отурчубуз. Ошондой турмуштук улуу тарбиялар көп болчу.
Акын Гулжамила Шакирова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2019
Шагылда чуркаган кайберендерди сагындым. Гүлжамила Шакированын айылга каты
Шаардагы ылдам өтүп жаткан бир күнүң айылда узак болуп калат. Айыл менин үчүн руханий терапия, жан дүйнөң тынчтанып, эс аласың. Айылга үзбөй барып турган жакшы, баео, таттуу балалык кездеги чоңойгон уя. Канчалык жүз ирет өзгөрбөйүн, айылда мен баягы эле Гүлзадамын. Канчалык мезгил алыстатпасын, бирок эбак өтүп кеткен балалык, ошол тапталган көчө, асман тиреп шуулдаган теректер мага кымбат, ыйык жана жакын.
Үй-бүлөдөн сырткары, айыл адамды адам кылып калыптандырат экен. Коомго аралашканга, социалдык чөйрөгө көндүрүп, сени сындырбай бапестеп тарбиялайт тура. Балким ошол кезде көп кагуу жесем, өнөрүм өчүп калат беле. Бирок дал ушул адамдар, айылдаштарым катуу колдоо көрсөттү.
Ушул учурдан пайдаланып, айылдаштарыма салам-дубай айтып, жакшылык каалагым келет.
Бул катты аяктап жатып, айылга берерим али көп, аларым да арбын экендигин айтып кетмекчимин. Аларым дегеним — барган сайын берген күч-кубаты, деми. Берерим — алтын бешигиме кыла турган кызматым. Айылым бар болсун!
Саламым менен кызыңар, ырчы, аткаруучу Гүлзада Рыскулова
Жаңылыктар түрмөгү
0