Оор сыноодон өттүм, бирок моюн сунбадым! Бишкектик Розанын дем берчү баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековВладелица салона красоты Роза Бегалиева
Владелица салона красоты Роза Бегалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Жазылуу
Роза — Бишкектин четиндеги чакан сулуулук салонунун ээси. Сулуулук жаатында жөндөмүн өрчүтүп, борбор калаанын ортосуна студия ачууну самайт.
Мындан туура жыйырма жыл мурун Роза Бегалиеваны машина коюп кеткен. Дарыгерлер аны ажалдын оозунан сууруп алгандай эле болгон, бирок бир айдан кийин таптакыр кадам шилтей албасын угузушкан...

Кырсыкка мени күнөөлүү деп табышкан

Каргашалуу кырсык 2000-жылы коңшу Казакстандын Тараз шаарында болгон. Ал убакта Роза жергиликтүү базарда иштеп жүргөн. Бир күнү базардан анча алыс эмес жерде жолдун наркы бетине өтүп бара жатып, машинага урунган. Розанын айтымында, айдоочу мас экен. 
© Sputnik / Табылды КадырбековРоза — Бишкектин четиндеги чакан сулуулук салонунун ээси
Владелица салона красоты Роза Бегалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Роза — Бишкектин четиндеги чакан сулуулук салонунун ээси
"Кийин эсиме келгенде машинаны мас киши айдап баратканын айтышты. Бирок ал жазасын алган жок, керек болсо мени ошол жол кырсыгына айыптуу деп табышкан. Тергөө "жолдон туура эмес жерден өткөнсүң" деп чечкен. Ал убакта чындыкты издеп, айдоочунун жазаланышына чара көрүүгө күчүм да, мүмкүнчүлүгүм да жок эле. Өмүрүм кыл учунда турган, анан да бөлөк өлкөдө таптакыр жалгыз элем", — деп эскерет Роза.
Айтымында, ооруканада жатканында бейтааныш бир киши келип, акыбалын сурап турчу экен. "Мени коюп кеткен айдоочу деп айтышты. Негизи эле окуя абдан чиеленишкен. Мага башында рулда улгайып калган кайсы бир чиновник экенин айтышты эле. Ал эми ооруканага келген киши сүрөттөгөндөрү боюнча таптакыр ага окшошчу эмес", — деп түшүндүрөт Роза.

"Жаңы жашоого көнүңүз, эч качан баса албайсыз"

Кырсыктан көп өтпөй казакстандык клиниканын врачтары операция жасашат, жол кырсыгынан абдан катуу жаракат алгандыктан ички органдарынын бир бөлүгүн алып салууга туура келет. 
"Эсиме келип буттарымды сезбей калганымды түшүндүм... Дарыгерлер омуртка да катуу жабыркаганынан шектенип, ата-энем мени Бишкекке алып келишти. Бул жакта омурткага операция жасашты, бирок жыйынтык болгон жок. Коляскага байланып калдым", — деп эскерет Роза айым.
Ооруканадан чыккандан кийин Роза баарын баштан үйрөнүүгө аргасыз болгон: денесинин өйдөңкү бөлүгү чабал, ал эми ылдыйкы бөлүгү таптакыр кыймылсыз эле.
"Дарыгерлер мага жаңы, анчалык жарык эмес жашоого көнүшүм керектигин айтып, эч качан баса албай турганымды угузушту. Боору ооруп карашты, анткени бизде коляскачандарга эч кандай шарттын жоктугу түшүнүктүү эмеспи.
"Ачыгын айтсам, көнүш кыйын болду, андай кырдаалда калгандар мындай сыноону оор кабылдашат. Дагы менин бактым бар экен, депрессияга алдырууга жол бербеген үй-бүлөм жанымда эле. Эч нерсеге карабай кадыресе турмуш кечирүүмө апам аябай күч жумшады", — дейт Роза.

Калыптануу жана жеке иштин башаты

Розанын апасы түймө түйчү, кызына да үйрөтүп коет. Кырсыктан бир нече жылдан кийин Роза түймөгө буюртма алып, кийим тигүүгө да киришкен. 
"Мындан сырткары, мендей абалга кабылган кыздарга да үйрөтчүмүн. Бирок түймө менен тигүүчүлүктөн көздүн көрүүсү начарлай баштады. Жаңы бир нерсени үйрөнүшүм керектигин түшүндүм. "Теңдик" ("Равенство") уюмунда визажисттик, маникюр жана каш жасоону үйрөндүм, ошондон бери ушул багытта жүрөм", — дейт каарманыбыз.
Роза сулуулук салонуна жумушка киргиси келген, бирок иш таба албай койгон. Кийин шериги менен кыдырып кызмат көрсөтө башташкан. Кесиптеши чач жасалгалап, Роза маникюр жасачу.
"Шаар ичинде жүрүү аябай күч келтирет, анан да кымбат. Тапканың таксиге эле кетет. Бир курбубуз башымдан өткөргөндөрүмдү социалдык медиага жазды. Ошондон кийин шеригим экөөбүзгө бир жай беришти. Ишке уруксат алуу үчүн укмуштай бюрократиялык тозоктон да өттүк. Баарын расмий түрдө, мыйзам чегинде кылалы десек болбоду, ошондо башкаларды ортого салууга туура келди. Эгер жалгыз болсок, колубуздан келер беле, билбейм", — дейт Роза.
© Sputnik / Табылды КадырбековАл сулуулук жаатында жөндөмүн өрчүтүп, борбор калаанын ортосуна студия ачууну самайт
Владелица салона красоты Роза Бегалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ал сулуулук жаатында жөндөмүн өрчүтүп, борбор калаанын ортосуна студия ачууну самайт
Быйыл жаңы орунга ижарага чыкты. Салон Кара-Жыгач конушундагы үйүнөн анча ыраак эмес. Роза салонуна жакын эле жерде жашайт.
Буюртмага муктажбыз! Сокулуктук майып усталардын өнөрү видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Буюртмага муктажбыз! Сокулуктук майып усталардын өнөрү видеодо
"Азыр жол киреге акча коротпойм. Үй, кеңсе ижараладым, баары жакын. Бул абдан ыңгайлуу экен. Кардарым таңда жасангысы келсе, мен жумушка чейин он мүнөттө жетип калам. Айрыкча жаңы жылдын алдында кардарлар көп болду, таңкы саат 8ден тарта түндүн бир оокумуна дейре кыздардын аягы үзүлбөдү. Биздин көчөдө 6 сулуулук салону иштейт, ал эми кардарлар мага келишет. Албетте, мен кубануу менен кабыл алам", — дейт сулуулук чебери.
Айтымында, маникюр менен макияж орточо 800 сомго жасалат. Эмнеге шаардын ортосуна жакын салондордогу баалардан айырмаланарын мындайча түшүндүрдү: "Салондордун көпчүлүгүндө биздикине караганда шарт жакшы түзүлгөн. Анан да биз борбордон алыс турабыз, өтүмдүүлүк алда канча аз. Андыктан бааны асмандатуунун зарылдыгы жок. Шаардын ортосунда иштегим келет, бирок азырынча мүмкүнчүлүк жок экенин түшүнөм. Бишкектин борборунда ижара акысы — 600-800 доллар, ал эми бул жерде мен 7 500 сом төлөйм", — дейт ал.

Тозокту баштан өткөргөнүмдү айтышат

Сулуулук салонду таанытуу үчүн Роза Instagram баракчасын ачкан. Эмгектерин жарыялап, мындай жыйынтыкка жетүү үчүн кандай сыноолордон өткөнү туурасында баяндап турат.
"Өз салонуңду ачуу, мейли чакан болсун, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды айтпаганда деле ар бир кишинин колунан келе бербейт. Мен ачтым, билгенимди да бөлүшүп, макияж боюнча сабак да берип келем. Дагы өсүшүм керектигин билем, токтоп калгым келбейт. Бул чөйрө көңүлүмө төп. Албетте, Бишкектин заңгыраган салонунда иштөөгө эмне жетсин, бирок азырынча ага чама-чаркым чак эмес. Менимче, аракет кыла берсек, эң кол жеткис деген кыялдарды орундатууга болот!" — деген пикирин бөлүшөт сулуулук чебери.
Ошентип жакында эле Роза апасыныкынан өзүнчө үйгө бөлүндү. Бул чечимди кабыл алуу оңой-олтоң болбогонун айтат өзү. 
© Sputnik / Табылды КадырбековМындан туура жыйырма жыл мурун Роза Бегалиеваны машина коюп кеткен
Владелица салона красоты Роза Бегалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мындан туура жыйырма жыл мурун Роза Бегалиеваны машина коюп кеткен
Нурмила Курбанкул кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2018
Өзгөчө кыз-келиндердин чүрөктөй сүрөтү менен жүрөк тилген баяны
Роза ушундай тагдырына карабай өзү ак эмгеги менен жанын багат. Жакындан тарта кыздарга боенуу боюнча курс ачкан, ошондой эле каалоочуларга түймө түйүүнү да үйрөтүп келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0