Кандай адамдарда коронавирус мутацияланып кетет. Инфекционисттин пикири

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Жазылуу
Дарыгер айрым оорулуулар COVID-19 менен жумалап эмес, бир нече айлап күрөшөрүн билдирип, анын кесепети тууралуу айтып берген.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Айрым гана учурларда бейтаптар коронавирус менен айлап күрөшөт. Мындай адамдардын организминдеги вирус мутацияланып кетиши мүмкүндүгүн РИА Новостиге врач-инфекционист Евгений Тимаков айтып берди.
"Коронавирус менен 3 айга чейин күрөшкөн бейтаптар бар, бирок андайлар сейрек кездешет. Вирус организмдеги түрдүү тоскоолдуктан өтүп жатып "тирүү" калат дагы, мутацияланып баштайт", — деген Тимаков.
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. COVID-19 жаңы штаммы мурдагыга караганда он эсе ылдам жайылып жатканы да айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0