COVID: үч бейтап көз жумуп, 72 адам ооруп калды. Кыргызстандагы статистика

© AFP / SAJJAD HUSSAINЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
Акыркы айларда Кыргызстанда коронавирустан адамдардын каза тапкан көрсөткүчү күн сайын үзгүлтүксүз катталууда.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан үч киши каза тапса, 72 адам инфекцияны жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Анткен менен бир сутка ичинде 98 кыргызстандык COVID-19ду жеңген.
"Учурда ооруканада жаткандардын ичинен 133 бейтап оор, 32 киши өтө оор абалда жатат. Тилекке каршы, Бишкек шаарынан бир, Чүй облусунан эки адамды коронавирус алып кетти", — деп айтылат маалыматта.
Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек - 27
  • Ош - 2
  • Чүй облусу – 16
  • Ош облусу - 4
  • Талас облусу - 1
  • Нарын облусу - 12
  • Ысык-Көл облусу – 3
  • Жалал-Абад облусу – 5
  • Баткен облусу – 2
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
  • Бишкек – 40
  • Ош шаары – 3
  • Чүй облусу – 27
  • Ош облусу – 4
  • Талас облусу – 0
  • Нарын облусу – 5
  • Ысык-Көл облусу – 11
  • Жалал-Абад облусу – 2
  • Баткен облусу – 6
Учурда Кыргызстан боюнча стационарларда 492 бейтап, амбулатордук дарыланууда 596 адам бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0