Министрдин өтүнүчү менен Түркия Кыргызстанга беш миң ПЦР-тест берди

© Фото / пресс-служба Минздрава и социального развития КРМинистр Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Халиль Эльдемир менен жолугушуу учурунда
Министр Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Халиль Эльдемир менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
Түркия парламентинин вице-спикери Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасынын иши боюнча келишимди эртерээк ратификациялоо идеясын колдой тургандыгын айткан.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коронавирусту текшерген беш миң ПЦР-тест берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Всего: 25 Официальный визит Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2021
Россия Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жөнөттү
Бейшеналиев өлкөдөгү коронавирус кырдаалына байланыштуу гуманитардык жардам сураганы, жооп катары Түркия ПЦР-тесттерди бергени белгиленди. Министр кол сунгандарга ыраазычылык айткан.
Жолугушууда Түркия парламентинин вице-спикери Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасынын иши боюнча келишимди эртерээк ратификациялоо идеясын колдой тургандыгын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0