Жаздан тарта кытай грантына оңдоло турган Бишкектин көчөлөрү. Тизме

© пресс-служба мэрии города БишкекРемонт дорог в Бишкеке
Ремонт дорог в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Мэрия кытай гранты менен жасала турчу долбоор эки жылга эсептелгенин эске салды. Бул аралыкта 5 көпүрө куруп, 60 жолду оңдоп-түзөө пландалууда.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. 15-марттан тарта ордо калаада бир нече көчө оңдоп түзөлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, шаардагы көчөлөр кытай грантынын эсебинен жасалат. Оңдоо иштери расмий түрдө 2020-жылдын күз айында башталган.
"Андан бери биз даярдык иштерин көрүп, бардык көчөлөрдүн ичинен оңдоого муктаж болгон 60 көчөнү тандадык. Анын 43ү быйыл, 17си 2022-жылы жасалат", — деп айтылат маалыматта.
15-марттан тарта оңдоп-түзөө иштери башталчу көчөлөр:
  • Сухэ-Батор көчөсү. Каралаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;
  • Ташкент көчөсү. Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Ак-Ордо жаңы конушу, Каркыра көчөсү. Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо көчөсүнө чейин;
  • Арча-Бешик жаңы конушу, Жайыл баатыр көчөсү. Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
  • Ак-Ордо жаңы конушу, Айбийке көчөсү. Гагарин көчөсүнөн темир жолго чейин;
  • Өмүр көчөсү. Фрунзе көчөсүнөн Ашар жолуна чейин;
  • Арча-Бешик жаңы конушу, Жунусалиев көчөсү. Абдрахманов көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;
  • Ынтымак жаңы конушу, Стадионная көчөсү. Абдрахманов көчөсүнөн Магистральная көчөсүнө чейин;
  • Кокчетавский көчөсү. Махатма Ганди жолунан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Жеңиш жаңы конушу, Новая көчөсү. Ленская көчөсүнөн Жеңиш жаңы конушуна чейин;
  • Койбагаров көчөсү. Ж. Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин;
  • Фере көчөсү. Тоголок Молдо жолунан Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
  • Буденный көчөсү. Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин;
  • Огонбаев көчөсү. Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин.
Мэрия кытай гранты менен жасала турчу долбоор эки жылга эсептелгенин эске салды. Бул аралыкта 5 көпүрө куруп, 60 жолду оңдоп-түзөө пландалууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0