Ошко жаңы аэропорт куруу кайра демилгеленди. Инвестор кайдан келет?

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш облусунун аймагына пландалып жаткан аэропорттун эскизи
Ош облусунун аймагына пландалып жаткан аэропорттун эскизи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Буга чейин Мады айыл аймагынан 10 гектар жер бөлүнгөнү, бирок каражат маселеси чечилбей токтоп калганы айтылат.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ош облусунун аймагына жаңы аэропорт куруу маселеси кайра көтөрүлүп, түркиялык инвесторлор каржылоону сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Ошко жаңы эл аралык аэропорт куруу стратегиялык жана экономикалык чоң мааниге ээ экени белгиленет. Бул үчүн Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынан 10 гектар жер бөлүнгөн, бирок каражат маселеси чечилбей токтоп калган.
"Буга чейин кытайлык жеке компания аба майданын куруу ниетин билдирген. Бирок стратегиялык мааниден улам колдоо тапкан эмес. Эми Түркия мамлекети тарабынан каржылоо сунушу түшкөн. Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Аэропорт куруу пландалган аянтка Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов барып, жергиликтүү бийлик органдарынын жана тийиштүү кызматтардын жетекчилерине өкмөткө сунуш даярдоо тапшырмасын берген.
Ошко жаңы аэропорт куруу демилгеси алгач 2016-жылы көтөрүлгөн болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0