Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланууга кетип жатканын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Ташиев буга чейин былтыркы жылдын ноябрь айында да ооруканага жатып, дарыланып чыккан. Ал элден ар кандай сөздөрдү айтпай, дуба кылып турууну суранды.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланууга кетип жатканын Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
"Мен эртең, 6-февралда, чет өлкөгө дарыланууга барганы жатам. Биздин дарыгер Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болдум. Артыман ар кандай сөздөрдү айтпастан дуба кылып туруңуздар. Сиздердин жардамга муктажмын. Буюрса, баары жакшы болот. Элибиздин келечеги үчүн бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн", — деген Ташиев.
Эске салсак, УКМК төрагасы 2020-жылдын  ноябрь айында ооруканага жатып, дарыланып чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0