Сүрү сулуулугуна ширелишип... Тыныбекова көз талдырган сүрөттөрү менен бөлүштү

© Фото / Галина БоковаАялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова
Аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Кадрлардан балбан жаратылыш койнунда улуттук колориттеги көйнөк менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары суктанган билдирүүлөрдү калтырууда.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спорттон тыш профессионалдык сүрөттөрү менен Facebook баракчасына бөлүштү.
Кадрлардан балбан жаратылыш койнунда улуттук колориттеги көйнөк менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.
"Кыргыз Республикасы", — деп балбан өлкөнүн желегинин смайлигин койгон.
Интернет колдонуучулары спортчу кыздын сүрөтүнүн алдына суктанган билдирүүлөрдү калтырууда.
Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын тарыхында чоңдор арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатын уткан алгачкы спортчу. Былтыр дүйнө кубогун да утту.
Жаңылыктар түрмөгү
0