Бишкекте 1-мартта бардык билим берүү мекемелери ачылабы? Расмий жооп

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМектептеги окуу болөмө. Архив
Мектептеги окуу болөмө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Буга чейин соцтармактарда 1-марттан тарта ордо калаадагы бардык билим берүү мекемелери ачылат деген билдирүүлөр тараган.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин баары толугу менен качан ачылары азырынча белгисиз. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин соцтармактарда 1-марттан тарта ордо калаадагы бардык билим берүү мекемелери ачылат деген билдирүүлөр тараган.
Мэриянын маалымат кызматы билим берүү мекемелеринин ачылышы боюнча азырынча расмий маалымат жок экенин кабарлады.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы өлкө боюнча, анын ичинде Бишкекте мектептердин баары ачылып, кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди. Болгону айрым класстар аралыктан билим алып жатышат. Жогорку окуу жайлар алгоритм боюнча чекесинен ачылып жатса, аймактардагы бала бакчалардын дээрлик бардыгы иштей баштаганын кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн, 4-февралда, Бишкек мэриясынын алдында ата-энелер митинг өткөрүп, алар онлайн-сабак бир гана Бишкекте уланып жатканына каршы болушкан.
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Бишкекте мектепке электрондук кезекке каттоо башталат. Керектүү документтер
Митингчилердин алдына вице-мэр Айжан Чыныбаева чыгып, Бишкектин мектептеринде бала өтө көп болгондуктан, бардык класстарды кадимки тартипте окутууга уруксат берилбей жатканын түшүндүргөн.
30-январь күнү Бишкек мэриясы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу офлайн окуу режимине өтүү мөөнөтүн жылдырып койгон.
18-январдан бери ордо калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана мектепке барып билим алып жатышат. Ал эми бала бакчалар азырынча ачыла элек.
Окумуштуулар коронавирустун үчүнчү толкуну болушу ыктымал экенин боолголошууда. Мындан улам өкмөт дагы айтылып жаткан үчүнчү толкунга даярдык көрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0