Бишкек мэриясы жер берүүгө коюлган мораторийди жоюп салууну сунуштап жатат

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясы мораторийди узартпоо сунушун жактырды. Бирок акыркы чечим 8-февралга божомолдонуп жаткан шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынат.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин профилдик комиссиясы мэриянын жер тилкелерин берүүгө мораторийди жоюп салуу боюнча сунушун колдоду.
Маалыматка караганда, келечекте жер тилкелерин өзүнчө бир бүтүн объект катары карап, сатыкка коюу сунушталууда.
Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында мэриянын сунушун вице-мэр Азамат Сагындык уулу айтты. Ал эске салгандай, муниципалитет 2019-жылы ар кандай ишкерлик үчүн жер тилкелерин берүүгө үч жылдык мораторий жарыялаган. Ал эми 2020-жылдын апрелинде ал мораторийди дагы бир жылга узартуу сунушу киргизилген.
"Биз ошол бир жылга узартуу боюнча сунушту четке каккыбыз келип жатат", — деди Сагындык уулу.
Жер ресурстары башкармалыгынын өкүлү Бакай Турдугуловдун айтымында, азыркы чектөөлөр 2022-жылга чейин уланат.
"Былтыр биз бул сунушту жерди колдонуу жана курулуштар боюнча жаңы эрежелерди киргизүү үчүн киргизгенбиз. Бирок ал багытта эч бир жылыш болгон жок. Демек, мындай чектөөлөр керекпи деген суроо туулат", — деди Турдугулов.
Шаардык кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиев эмне себептен мораторий жеңил конструкцияларга эмес, капиталдык курулушка гана жоюлганы жатканына кызыкты.
Мектепте биринчи класстын окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Мэрия Бишкектин мектеп, бакчаларын офлайн-режимге өткөрбөй турууну чечти
"Силер мындай чечим менен бюджетке акча түшүрүп, жумуш орундарын камсыздайбыз деп жатасыңар. Жеңил конструкция менен курулчу объекттерден деле дал ошондой пайда түшөт. Жадагалса 5-6 эсе көбүрөөк акча алып келиши мүмкүн. Бул маселени дагы кароону сунуштайм. Анткени жакында боло турган жыйын шаардык кеңештин акыркы жыйыны болуп калышы мүмкүн", — деди Конгантиев.
Жыйынтыгында комиссия мораторийди узартпоо сунушун жактырды. Бирок акыркы чечим 8-февралга божомолдонуп жаткан шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынат.
Жаңылыктар түрмөгү
0