Дарыгер жүрөккө өтө эле зыян деген азыктарды атады

© AFP / KENA BETANCURКиши хот-догтор менен. Архив
Киши хот-догтор менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Дианова рафинаддалган азыктар майлуу болгондуктан, аларды көп колдонуу ашыкча салмакка алып келерин белгилеген.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Тез татым менен жарым фабрикат жүрөк-кан тамыр системасына өтө эле зыян. Бул тууралуу диетолог жана дарыгер-гастроэнтеролог Нурия Дианова билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.
Дарыгердин айтымында, тез татым көпчүлүк учурда өтө майлуу келет. Анын курамында туз менен кумшекер да көп. Мындан сырткары, ага куурулган азыктар кошулуп, ден соолукка эч пайдасы жок. Адис тез татымдын ичинен куурулган картошка өтө зыян экенин эскерткен.
Дианова рафинаддалган азыктарды көп колдонуу ашыкча салмакка алып келерин белгилеген. Мындай азыктар өтө эле майлуу келерин айтып, алар жүрөк-кан тамырларынын биринчи душманы экенин кошумчалаган.
"Рафинаддалган азыктар атеросклероз оорусун пайда кылып, эгер бар болсо аны өрчүтүп жибериши ыктымал. Мындан сырткары, ал тамырдын сыртын жабыркатып, инсульт, инфарктка чейин жеткириши мүмкүн", — деди медик.
Сбор черники в лесу в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2020
Витаминдерге бай. Организмге пайдалуу деген 10 азык тизмектелди
Диетологдун айтымында, жарым фабрикаттар да ден соолукка бычак. Себеби алардын курамында кумшекер өтө көп.
Эгер тамакты таттуу суусундуктар менен жесе, маселен артынан газдалган суусундук ичсе, анда организмде кумшекердин көлөмү көбөйүп кетет. Башкача айтканда, организмге зыян алып келе турчу углеводдор көбөйөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0