Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жаңы толкунуна кантип даярданууда

© AP Photo / Martin MejiaCOVID-19 бөлүмүндө дары-дармек менен медициналык кызматкер. Архив
COVID-19 бөлүмүндө дары-дармек менен медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Министрлик чет элдик ири медициналык борборлордогу бейтаптарды дарылоо тажрыйбаларын Кыргызстанда колдонууга ниеттенүүдө.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди жана медайымдарды коронавирустун жаңы толкунуна даярдоо үчүн окутууну баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Окутуу министрликтин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаевдин жетекчилиги астында 2-февралдан 2-мартка чейин өтөт.
Медицинские работники надевают бахилы. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Прокуратура: пандемияда министрлик 1,5 сомдук бахиланы 150 сомдон сатып алган
Убактылуу клиникалык колдонмонун төртүнчү нускасынан баштап бейтаптарды диагностикалоо жана дарылоо боюнча сунуштарга, ошондой эле кычкылтек терапиясы, жогорку агымдуу оксиген терапиясы сыяктуу практикалык ыкмаларга көңүл бурулат.
Саламаттык сактоо министрлиги пандемия башталгандан бери "кызыл зоналарда" иштеген дарыгерлерди Сооронбаев жана анын командасы даярдаганын белгилеп өткөн.
Швейцария, Германия, Улуу Британиядагы ири медициналык борборлордун тажрыйбасына таянып, дарыгерлер менен биргеликте, оор абалдагы бейтаптардын дем алуусун жакшыртуу жана өмүрүн сактоо боюнча алгоритмдер жана протоколдор иштелип чыгат.
Ошондой эле алар COVID-19 менен ооруган адамдардагы оор учурларды талкуулашат жана консультацияларды уюштурушат.
COVID-19 бөлүмүндө каза болгон бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Акыркы суткада эки киши каза болду. COVID-19 боюнча жаңы статистика
Эксперттер жаз мезгилинде коронавирустун жаңы толкуну башталышы мүмкүн экенин айтышууда. Февраль айынын башында күнүнө 100гө жакын учур катталат.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус 84 646 адамга жугуп, 81 миң 102 адам илдетти жеңген. Тилекке каршы, 1414 адам оорудан улам каза болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0